
Emil Andartegin Ustaz "СУРОО-ЖООП" КАНАЛ
https://t.me/+0T4pGicZSFs5Yzgy
СУРОО:
Мен сени ушактадым эле, кечири кой десе. Ал кечирсе. Кылган куноосунон кутулабы? Мен сени ушактадым дебей эле, “Сенин акыңа билип билбей кирип алган болсом кечирип кой э” деп кечирим сураса болобу же сөзсүз айтыш керекпи эмне кылып акысына киргенин?
Emil Andartegin:
Бирөөнүн абийирине сөз тийгизсеңиз, мисалы: гыйбаттап, ушактап, билип билбей сүйлөп, негатив комментарий жазып. Ал күнөөңүздүн тообосу кабыл болуу үчүн - кимдин алдында ушактасаңыз, кайра ошонун алдында кылган күнөөңүздү мойнуңузга алышыңыз керек. Андан кийин мүмкүн болсо акы ээсине барып "Сиздин акыңызга кирип алдым. Акыңызды адал кылыңыз" деп кечирим сурашыңыз керек. Эгер кечирим сурооңуз, андан да чоң фитнага себеп болчу болсо, ага айтпай аркасынан ал үчүн көп-көп истигфар айтыңыз.
Алланын элчиси (С.А.В.) айтты: "Мираж кечесинде, тырмактары жезден болгон бир топ адамдардын өз жүздөрүн жана көкүрөктөрүн тытып жатышканын көрдүм. “Булардын кимдер? Оо, Жебрейил?” — деп сурадым. Ал айтты: “Булардын баары адамдардын этин жегендер жана алардын абийирине тил тийгизгендер".
عَنْ أَنَسِ بْنِ مَالِكٍ رَضيَ اللهُ عنه قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:«لَمَّا عُرِجَ بِي مَرَرْتُ بِقَوْمٍ لَهُمْ أَظْفَارٌ مِنْ نُحَاسٍ يَخْمُشُونَ بها وُجُوهَهُمْ وَصُدُورَهُمْ، فَقُلْتُ: مَنْ هَؤُلَاءِ يَا جِبْرِيلُ، قَالَ: هَؤُلَاءِ الَّذِينَ يَأْكُلُونَ لُحُومَ النَّاسِ، وَيَقَعُونَ فِي أَعْرَاضِهِمْ».
СУРОО:
Суфизм жөнүндө айтып бересизби? Кимден илим алсак болот?
Ustaz Emil Andartegin:
Суфизм (сопучулук) - Пайгамбарыбыздын (С.А.В.) жолу болгон Ахлу сунна уаль жамаанын, матуридий жана ашарий мектептеринин карманган жолу. Динибиздин ишеним жаатын "акыйда", амалдык жаатын "фихк", ал эми кулк-мүнөз, жүрүм-турум жаатын "сопучулук" үйрөтөт. Сопучулук - Куран жана сүннөткө негизделгенде гана туура болот.
Сопучулук боюнча сабак берген Дамлаларыбыз көп. Алардын ичинен Кенжетай Дамла Курманкожоевтен илим алсаңыздар болот.
СУРОО:
Үчүнчү рекетке дагы зам суро кошуп окуп алганда адашуу саждасын кылыш керекпи?
Ustaz Emil Andartegin:
Парз намазынын биринчи жана экинчи рекетинде фатихага менен зам сүрөө окуп, кийинки рекеттерге да зам сүрөө унутуп кошуп алсаңыз жеңил макүрөө болот, бирок сажда сахв (жаңылуу саждасы) кылбайсыз.
(فِي الْأُولَيَيْنِ مِنْ الْفَرْضِ) وَهَلْ يُكْرَهُ فِي الْأُخْرَيَيْنِ؟ الْمُخْتَارُ لَا (وَ) فِي (جَمِيعِ) رَكَعَاتِ (النَّفْلِ)
(قَوْلُهُ فِي الْأُولَيَيْنِ) تَنَازَعَ فِيهِ قِرَاءَةٌ وَضَمٌّ فِي قَوْلِ الْمُصَنِّفِ قِرَاءَةُ فَاتِحَةِ الْكِتَابِ وَضَمُّ سُورَةٍ لِأَنَّ الْوَاجِبَ فِي الْأُولَيَيْنِ كُلٌّ مِنْهُمَا فَافْهَمْ (قَوْلُهُ وَهَلْ يُكْرَهُ) أَيْ ضَمُّ السُّورَةِ (قَوْلُهُ الْمُخْتَارُ لَا) أَيْ لَا يُكْرَهُ تَحْرِيمًا بَلْ تَنْزِيهًا لِأَنَّهُ خِلَافُ السُّنَّةِ. قَالَ فِي الْمُنْيَةِ وَشَرْحِهَا: فَإِنْ ضَمَّ السُّورَةَ إلَى الْفَاتِحَةِ سَاهِيًا يَجِبُ عَلَيْهِ سَجْدَتَا السَّهْوِ فِي قَوْلِ أَبِي يُوسُفَ لِتَأْخِيرِ الرُّكُوعِ عَنْ مَحَلِّهِ وَفِي أَظْهَرِ الرِّوَايَاتِ لَا يَجِبُ لِأَنَّ الْقِرَاءَةَ فِيهِمَا مَشْرُوعَةٌ مِنْ غَيْرِ تَقْدِيرٍ، وَالِاقْتِصَارُ عَلَى الْفَاتِحَةِ مَسْنُونٌ لَا وَاجِبٌ. اهـ.
ص459 - كتاب حاشية ابن عابدين رد المحتار ط الحلبي
СУРОО:
Фарз намазынын 1-рекетинде Фатиха жана зам сүрөөнү үн чыгарып окуп, 2-рекетти кээде унутуп үнүмү чыгарбай окуп калам. Ошондо жаңылышуу саждасын кылып кайра окуш керекби же намазым дурус элеби?
Ustaz Emil Andartegin:
Сиз намазды жалгыз окуп жаткан болсоңуз, жарыя окулчу намазды купуя окуп же купуяны жарыя окусаңыз да сажда сахв (жаңылуу саждасын) кылбайсыз. Анткени жарыя же купуя окуу - имамга милдет (важиб). Ошондой эле бир рекетти жарыя бирөөнү купуя окуп алсаңыз да сажда сахв кылбайсыз, намазыңыз өтө берет, бирок жакшы эмес амал кылган болосун.
قَالَ: (وَإِنْ كَانَ مُنْفَرِدًا فَلَيْسَ عَلَيْهِ سُجُودُ السَّهْوِ بِهَذَا) أَمَّا فِي صَلَاةِ الْجَهْرِ هُوَ مُخَيَّرٌ بَيْنَ الْجَهْرِ وَالْمُخَافَتَةِ فَلَا يَتَمَكَّنُ النُّقْصَانُ فِي صَلَاتِهِ جَهَرَ أَوْ خَافَتَ، وَأَمَّا فِي صَلَاةِ الْمُخَافَتَةِ فَجَهْرُ الْمُنْفَرِدِ بِقَدْرِ إسْمَاعِهِ نَفْسَهُ وَهُوَ غَيْرُ مَنْهِيٍّ عَنْ ذَلِكَ، فَلِهَذَا لَا يَلْزَمُهُ السَّهْوُ.
ص222 - كتاب المبسوط للسرخسي - باب سجود السهو
СУРОО:
Телефондогу азан уйдо жарайбы? Дуасын окуп намаз окуй берсек болобу же отпойбу?
Ustaz Emil Andartegin:
Убакыт киргенин билдирген телефондогу азан намаз окуу үчүн айтылчуу азандын ордуна өтпөйт.
Азан жана камаат - акыл эстүү эркек мусулман аткарчуу ибадат. Өзүнүн шарттары жана өкүмдөрү бар.
Сапардагы адамга - камаатты гана айтып, азанды айтпаса макүрөө эмес. Экөөнү тең айтуу сүннөт. Экөөнү тең айтпоо макүрөө.
Мечиттеги биринчи жамаатка - экөөнү тең айтпоо, же экөөнүн бирөөсүн айтпоо макүрөө. Экөөнү тең айтуу сүннөт.
Шаарда же азан айтылган айылда болгон адам үйүндө намаз окуса - экөөнү тең айтуу сүннөт, экөөнү тең айтпаса макүрөө эмес.
Айылында азан айтылбаса экөөнү тең айтуу сүннөт. Азан айтпай, камаатты эле айтса жетиштүү.
ويأتي بهما المسافر، والمصلِّي في المسجدِ جماعة، أو في بيتِه في مصر، وكُرِه تَرْكُهما للأولين لا للثَّالِث): أي كُرِهَ (تركُهما: أي) (٥) تركُ كلِّ واحدٍ منهما للمسافر، والمصلِّي في المسجدِ جماعة، أمَّا تركُ واحدٍ منهما، فلم يذكره، فنقول: أمَّا المصلِّي في المسجدِ جماعة، فيكرَهُ له تركُ واحدٍ منهما، وأمَّا المسافر فيجوزُ له الاكتفاءُ بالإقامة.
و (أمَّا) (٦) المصلِّي في بيتِهِ في مصرٍ إن تَرَكَ كلاً منهما فيجوز (٧)؛ لقولِ ابن مسعود - رضي الله عنه -: «أذان الحيِّ يكفينا» (١)، وهذا إذا أُذِّنَ وأقيمَ في مسجدِ حيِّه. وأمَّا في القرى: فإن كان فيها مسجدٌ فيه أذانٌ وإقامة، فَحُكْمُ المصلِّي فيها كما مرّ، والمصلِّي في بيتِهِ يكفيه أذان المسجد، وإقامتُه، وإن لم يَكُنْ فيها مسجد كذا، فمَن يُصلِّي في بيتِه حُكْمُه حُكْمُ المُسافر.
ص114 - كتاب شرح الوقاية ت أبو الحاج - باب شروط الصلاة
СУРОО:
Кафельге таяммум алса болобу?
Emil Andartegin:
Кафель көбүнчө глазурь менен капталган. Глазурдун составында көп нерселер аралашкан. Ал, кафель отко какталганда бекем жана жылмакай болуусун камсыздайт. Таямум жер атпайына алынат. Кафельдин бетиндеги глазурь жерден болбогондуктан ага таямум өтпөйт. А бирок эгер кафельдин үстүндө чаң же топурак болсо, таямум өтөт. Бул учурда сиз кафельге эмес, чаңга таямум кылган болосуз.