Select your region
and interface language
We’ll show relevant
Telegram channels and features
Region
avatar

СҮННӨТ ЖОЛУ

sunnotjolu

Каналдын автору: Нурбек Аширмухаммад уулу
🎓
Медина шаарындагы Ислам университетинин хадис факультетинде бакалавр баскычын бүтүргөн
🎓
Хадис факультетинин Фикх ас-Сунна бөлүмүндө магистратура баскычын бүтүргөн

Subscribers
1 300
Post views
626
ER
47,84%
Posts
1 415
October 08, 02:57

Бир адам и
мам Абу
Ханифага:
«Аллахтан корк!»
– деп айтканда, Абу Ханифа (Аллах ага ырайым кылсын) дароо
селт этип титиреп
,
бети саргайып
,
үнсүз болуп башын ылдый түшүргөн
, анан мындай деген:
«Аллах сени жакшылык менен сыйласын! Чынында, адамдарга ар убак ушинтип: “Аллахтан корк!”

деп эскерте турган адам абдан зарыл!»
📘
Булак:
Сийар А‘лам ан-Нубалаа
, 6/400.
Бул сөз – такыбалыкка жана насыйкатты кабыл алууга болгон эң жогорку адепти көрсөтөт.
Имам Абу Ханифа сыяктуу улуу аалым өзүнө сын айтылганда да кекенип же ачууланбай, тескерисинче, эскертүүнү ырайым жана жакшылык катары кабыл алган.
https://t.me/sunnotjolu/1415

October 02, 02:27

Куран аяты жана анын түшүндүрмөсү
﴿مَنْ عَمِلَ صَالِحًا مِّن ذَكَرٍ أَوْ أُنثَىٰ وَهُوَ مُؤْمِنٌ فَلَنُحْيِيَنَّهُ حَيَاةً طَيِّبَةً ۖ وَلَنَجْزِيَنَّهُمْ أَجْرَهُم بِأَحْسَنِ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ۝﴾
«Эркек болобу, аял болобу, ким ыймандуу болуп, жакшы амалдарды кылса, Биз аны жакшы жашоодо жашатабыз. Жана аларды кылган амалдарынан эң жакшысы менен сыйлайбыз»
[Нахл сүрөсү, 97-аят].
🖊
Аяттын түшүндүрмөсү:
«Эркек болобу, аял болобу, ким ыймандуу болуп, жакшы амалдарды кылса,
— Ыйман – бул сооптуу иштердин кабыл болушу жана туура аткарылышы үчүн эң негизги шарт. Ыймансыз иштер сооптуу иш деп эсептелбейт. Ыйман – жүрөктөгү бекем ишеним болуп, дене мүчөлөрү менен аткарылуучу парз жана сүннөт амалдарды жасоого түрткү берет. Ким ыйман менен сооптуу иштерди чогуу аткарса,
«...Биз аны жакшы жашоодо жашатабыз».
Бул — жүрөктүн тынчтыгы, жан дүйнөнүн бейпилдиги жана анын көңүлүн алаксыткан нерселерден алыс болуу. Ошондой эле, Аллах ага күтпөгөн жерден адал жана таза ырыскы берет.
«Жана аларды кылган амалдарынан эң жакшысы менен сыйлайбыз»
— Акыретте, алар эч бир көз көрбөгөн, кулак укпаган жана адамдын оюна келбеген жыргалчылыктар жана сыйлыктар менен сыйланышат. Ошентип, Аллах ага бул дүйнөдө да, акыретте да жакшылыктарды берет.
📚
(Тафсир ас-Саъди, 449-бет).
https://t.me/sunnotjolu/1414

October 01, 10:27

Аял кишиге кордук көргөзүү арам иш
Ислам аял кишиге урмат көрсөтүүнү, аларга боорукер жана адилет мамиле кылууну талап кылат. Пайгамбар саллаллаху алейхи ва саллам мындай деп айткан:
«
Силердин эң жакшыңар – үй-бүлөсүнө эң жакшы мамиле кылганыңар, ал эми мен силердин ичиңерден үй-бүлөмө эң жакшы мамиле кылганыңармын
».
📚
(Сахих аль-Жамиъ: 3314).
Аялга зомбулук көрсөтүү, кордоо же психикалык кысым көргөзүү — арам жана күнөө иш. Аллах Таала Куранда үй-бүлөдө жана коомдо адилеттикти сактоону буйруйт.
Аялдарга урмат көрсөтүү үй-бүлөдө ынтымак, коомдо тынчтык жана адамдык улуу сапаттын белгиси. Урмат менен мамиле кылуу — инсандык ар-намыс жана ыймандуулуктун көрсөткүчү.
https://t.me/sunnotjolu/1413

August 31, 14:33

Куран аяттары биз үчүн мына ушундай абалды пайда кылуусу керек
:
Аллах Таала Өз сөзүндө минтип айтат:
وَإِذَا تُلِيَتْ عَلَيْهِمْ آيَاتُهُ زَادَتْهُمْ إِيمَانًا (سورة الأنفال: ٢).
«Аларга Анын аяттары окулганда, алардын ыйманы ого бетер артат».
(Анфал сүрөсү, 2-аят)
Шейх ас-Саадий (рахимахуллах) бул аятты түшүндүрүп айтат:
«Анткени, Куран аяттары аларга өздөрү билбеген нерсенин маанисин түшүндүрөт, же унутуп калган нерселерин эске салат, же болбосо жүрөктөрүндө жакшылыкка болгон умтулууну, Аллахтын урмат-сыйына болгон кусалыкты ойготот. Ошондой эле Анын жазаларынан коркууну жана күнөөлөрдөн алыс болууну пайда кылат. Мунун бардыгы ыйманды арттыра турган себептерден».
📚
Тафсир Ас-Саади (315-бет).
https://t.me/sunnotjolu/1410

August 23, 10:04

{ اقْرَأْ كِتٰبَكَ كَفٰى بِنَفْسِكَ الْيَوْمَ عَلَيْكَ حَسِيبًا }
[ سورة الإسراء : 14 ]
Аллах Таала Курани Каримде айтат:
«(Оо, адам баласы!) Өз китебиңди оку! Бүгүн сага өзүңдүн эсебиңди алууга өзүң жетиштүүсүң»
.
📙
(Исра сүрөсү, 14-аят)
Пендеге Кыямат күнү мындай деп айтылат:
«(Оо, адам баласы!) Өз китебиңди оку! Бүгүн сага өзүңдүн эсебиңди алуу үчүн өзүң жетиштүүсүң».
Бул – эң чоң адилеттүүлүк жана калыстык. Анткени, адамга өзүн-өзү эсепке алуу сунуш кылынат, ошондо ал өзүнө тийиштүү жазага алып келүүчү акыйкатты тааныйт.
Бул аят Адам баласынын өзүнүн кылган бардык иштеринин жазылган амал дептери менен Кыямат күнү бетме-бет келерин баяндайт. Ошондо ал китептеги ар бир майда-чүйдө иштерин окуп чыгып, өзү үчүн эң чоң күбө жана эсепчи болуп калат. Бул – Аллахтын адилеттүүлүгүнүн жана ар бир адам өз жоопкерчилигин толук сезе турганынын далили.
https://t.me/sunnotjolu/1409

August 16, 06:37

Дүйнөдөгү сыноолор жана кыйынчылыктар
Имам Ибн ал-Каййим (Аллах ага ырайым кылсын) "Зад ал-Маад" деген эмгегинде мындай деп айтат:
• Дүйнөдөгү кыйынчылыктар жана кайгы-капалар адам үчүн дары сыяктуу.
• Эгерде адам жашоодо кыйынчылыктарды көрбөсө, анда ал текеберлик, өзүн жогору сезүү жана жүрөктүн катуулугу сыяктуу ооруларга чалдыгып, акыры жок болот.
• Бул кыйынчылыктар адамдын кулчулук абалын сактоого, андагы жамандыктарды жана бузукулуктарды тазалоого жардам берет.
• Аллах Таала кээде сыноо менен ырайым кылат, ал эми кээде ырыскы менен сынайт.
• Аллах Таала бир пендесине жакшылык кааласа, аны сыноо дарысы менен тазалап, ал адамды эң жогорку даражаларга даярдайт. Бул даражалардын эң жогоркусу – Аллах Тааланын кулчулугу жана акыретте Аны көрүү жана Ага жакын болуу.
https://t.me/sunnotjolu/1408

August 07, 04:55

Аллах Таала Куранда мындай деген:
«Кечиримдүү бол, жакшылыкка буюр жана наадандардан жүз үйрү»
(Аъраф сүрөсү, 199-аят).
Бул аятта кечиримдүү болуу, жакшылыкка үндөө жана билимсиз, наадан адамдар менен талашып-тартышпоо керектиги айтылат. Бул – мусулмандардын кулк-мүнөзү кандай болуусу керектиги тууралуу эң маанилүү көрсөтмөлөрдүн бири.
Жүрөгүңүздө эч кимге карата таарыныч сактабаңыз. Кечириңиз жана унутуңуз. Көз жумуңуз жана башкаларга жакшы ойдо болуңуз. Эгер кимдир бирөөгө шылтоо таба албасаңыз, анда: «Балким, мен билбеген бир шылтоосу бардыр» деп айтыңыз.
https://t.me/sunnotjolu/1404

August 06, 08:14

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) айткан:
«Ким мечитке эртең менен же кечинде барса, Аллах Таала ага бейиштен ар бир барган сайын зыяпатын даярдап коёт».
📚
[Сахих аль-Бухари, Сахих Муслим]
🖊
Бул хадис мечитке барып намаз окуунун канчалык чоң сооп экенин көрсөтөт.
"Зыяпатын" деп айтылганы - бул Бейиштеги эң жакшы тамак-аш, суусундук жана эң кооз орундар дегенди билдирет. Демек, мечитке барган ар бир кадамыбыз үчүн Аллах Таала бизге Бейиштеги эң баалуу сыйлыктарды даярдап коёт. Бул — момундарды мечитке барууга үндөгөн улуу сыйлык.
https://t.me/sunnotjolu/1403

August 04, 00:37

Хасан аль-Басри (Аллах ага ырайым кылсын) мындай деген:
«Мурдагы күнөөлөрүңөрдү жаңы сооптуу иштериңер менен жуугула.
Чындыгында, эски күнөөнү жаңы сооп иштей жок кыла турган нерсе жок.
Буга далилди мен Аллахтын Китебинен таптым: «Чындыгында, сооп иштер (мурунку) күнөөлөрдү кетирет».
(Худ сүрөсү, 114-аят).
📚
[Ибн Аби Хатимдин тафсири, 8/279-бет.]
https://t.me/sunnotjolu/1402

August 03, 07:03

Аллахка карай жол
Аллахка карай жол караңгылыктарга, коркунучтарга жана туңгуюктарга сабырдуулук кылууга муктаж. Ал жолдо жүргөндөрдү азгырууга аракет кылган ар түрдүү себептер бар. Бирок ал жол Бейиш бакчаларына жана Аллахтын эң чоң ыраазычылыгына алып барат.
Бул жолдо жүрүүнү каалаган адам өзгөчө даярдыктарга муктаж:
Аллахка дуба кылуу
– бул жолдогу чыныгы шеригиң.
Илим
– бул жолду жарык кылган нур.
Сабырдуулук
– бул жолду улантуучу улоо.
Коркуу
– бул жолду айдап баруучу күч.
Үмүт
– бул дем берүүчү, шыктандыруучу себеп.
Шүгүр
– бул кайрат берүүчү кубат.
Ыйман жана салих амалдар
– бул экөө жолдогу тоскоолдуктарды ачуучу ачкыч.
Аллахка тобокел кылуу
– коркунучтардан жана тоскоол болгон нерселерден коргоочу калкан.
Ал эми бул жолдогу тоскоол болуучу нерселер
– бул жамандыкка буйруган напси, каалоолор (напсинин кумары), дүйнөгө болгон ашыкча сүйүү, алардын башында Иблис турат.
Аллах Таала айтат:
«Бул Менин туура жолум, аны гана ээрчигиле. Жана андан башка ар кайсы жолдорго ээрчибегиле, анткени алар силерди андан (Менин жолумдан) адаштырып койот»
(Аль-Анъам сүрөсү, 153-аят).
Дагы бир аятта Аллах Таала мындай дейт:
«Аллахка карай качкыла. Мен силер үчүн Андан келген ачык эскертүүчү боломун»
(Аз-Зарият сүрөсү, 50-аят).
----------------
https://t.me/sunnotjolu/1401