
СҮННӨТ ЖОЛУ
https://www.instagram.com/reel/DZSgEe-ojdv/?igsh=aHE3NnRhZXBpNzV4
إِنَّ اللهَ يَقُولُ لِأَهْوَنِ أَهْلِ النَّارِ عَذَابًا: لَوْ أَنَّ لَكَ مَا فِي الْأَرْضِ مِنْ شَيْءٍ كُنْتَ تَفْتَدِي بِهِ؟ قَالَ: نَعَمْ. قَالَ: فَقَدْ سَأَلْتُكَ مَا هُوَ أَهْوَنُ مِنْ هَذَا وَأَنْتَ فِي صُلْبِ آدَمَ أَنْ لَا تُشْرِكَ بِي فَأَبَيْتَ إِلَّا الشِّرْكَ
(صحيح البخاري، 3334)
Аллахтын Элчиси (соллаллоху алайхи ва саллам) айтты:
«Акыйкатта, Аллах Таала тозок элинин ичинен эң жеңил азапка тартылып жаткан кишиге: “Эгерде жер бетиндеги бүт нерсе сеники болгондо, (бул азаптан кутулуш үчүн) алардын баарын кун (куткаруучу каражат) катары берет белең?” —
деп сурайт.
Ал
: “Ооба (берет элем)”
— деп жооп берет.
Ошондо Аллах айтат:
“Сен Адамдын белинде болгон кезиңде, Мен сенден мындан алда канча жеңилирээк нерсени сураган элем: Мага эч нерсени шерик кошпооңду талап кылгам. Ал эми сен болсо шерик кошуудан (ширктен) башканы каалабай, баш тарттың”».
📚
(Сахих аль-Бухари, 3334)
🖊
Түшүндүрмө:
Бул дүйнөдө адамдын башына кандай гана кыйынчылык же оору келбесин, анын баары убактылуу жана чыдаса боло турган деңгээлде болот. Ал эми акыреттеги тозок азабы ушунчалык оор, атүгүл анын эң жеңил үлүшүн алып жаткан адам дагы ошол замат бүткүл дүйнөнүн байлыгына ээ болсо, ошол азаптан кутулуу үчүн баарын ойлонбостон берүүгө даяр болот. Бул жерден биз дүйнө байлыгынын акыретте эч кандай баасы жана пайдасы жок экенин, ал жактагы эң кичинекей жаза да бул дүйнөнүн эң чоң кыйынчылыгынан канчалык коркунучтуу экенин түшүнөбүз.
Хадистеги
“Сен Адамдын белинде кезиңде...”
деген сөз — бүткүл адамзат жарала электе, рухтар ааламында болгон улуу убадалашууну билдирет. Куранда эскерилгендей, Аллах Таала Адам атаны жараткандан кийин, анын белинен кыяматка чейин келе турган бардык урпактарынын рухтарын чыгарып, Өзүнүн Рабби экенин билдирген жана алардан убада алган. Аллах Таала ошол убаданы эске салып, адам баласына эң башынан эле туура жол көрсөтүлгөнүн айтып жатат.
Аллах Таала Өзүнүн пендесинен өтө оор, аткарылгыс нерсени талап кылган эмес. Ал Зат адамдан дүйнөнүн байлыктарын же оор курмандыктарды сурабастан, болгону эң жеңил нерсени — Өзүнө гана ишенип, Анын Өзүнө гана сыйынууну жана Ага эч нерсени шерик (тең) кылбоону сураган. Бирок адам баласы бул дүйнөгө келгенде напсисине, шайтанга алданып, Анын акысын унутуп, ошол эң жеңил гана шартты аткаруудан өжөрлөнүп баш тарткан.
Демек бул хадис — адамды ширктен ардайым сак болууга чакырган эскертүү. Бизде азыр мүмкүнчүлүк бар, бул дүйнөдө жашап жатабыз. Бул жакта азаптан кутулуу үчүн бүт дүйнөнүн байлыгын берүүнүн кереги жок. Кутулуунун жолу өтө жеңил жана бекер: ал — жүрөктү тазалап, ишенимди түзөө, Аллахка гана сыйынуу жана ширктен алыс болуу.
✏️
Нурбек Аширмухаммад уулу
https://t.me/sunnotjolu/1472
🔰
Багымдат намазы
عن ابن مسعود رضي الله عنه أنه:
«ذُكِرَ عِنْدَ النَّبِيِّ ﷺ رَجُلٌ، فَقِيلَ: مَا زَالَ نَائِمًا حَتَّى أَصْبَحَ، مَا قَامَ إِلَى الصَّلَاةِ، فَقَال: بَالَ الشَّيْطَانُ فِي أُذُنِهِ»
(صحيح البخاري1144
Ибн Масъуддан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылынат, ал айтты:
«Пайгамбарыбыздын ﷺ алдында бир киши тууралуу сөз козголуп: "Ал таң атканча уктап, намазга турган жок",—
деп айтылды. Ошондо Пайгамбарыбыз ﷺ:
"Анда анын кулагына шайтан заара кылып коюптур",—
деп айтты».
📚
Сахих ал-Бухари, № 1144
🖊
Аалымдар айткандай, шайтандын жеп-ичери жана үйлөнөрү далилденген. Демек, анын заара кылуусу да акыйкат.
Бул жерде кулактын өзгөчөлөнүп айтылганынын себеби — кулак (ойгонуу үчүн) эң биринчи кабыл алуучу орган болуп саналат.
Ал эми эки жийиркеничтүү нерсенин ичинен дал зааранын тандалып айтылганы — анын (кулактын) көңдөйлөрүнө кирүүсү эң жеңил, тамырларга сиңүүсү эң тез болгондугунда. Бул (шайтандын заарасы) адамдын бүткүл дене-мүчөсүнө жалкоолукту пайда кылат.
✏️
Нурбек Аширмухаммад уулу
https://t.me/sunnotjolu/1471
🔹
Көркөм кулк-мүнөз
Кимдин сөзү жагымдуу (жакшы) болсо, анын кадыр-баркы жогору болот.
Момун инсан — жумшак, кичи пейил келип, сөздүн эң жакшысын, эң сылык сөздөрдү тандап сүйлөйт;
ал эч кимдин көөнүн оорутпайт, эч кимди шылдың кылбайт жана эч кимди тили менен да, ишараты менен да ушактап-жамандабайт.
Өзүнүн ушундай мүнөздөрү менен ал мол соопко жана улуу урматка жетишет.
Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:
«Чындыгында, момун инсан өзүнүн көркөм мүнөзү менен (күндүзү) орозо кармап, (түнү) намаз окуган адамдын даражасына жетет».
📚
Сунан Абу Давуд (Хадис № 4798)
✏️
Нурбек Аширмухаммад уулу
https://t.me/sunnotjolu/1470
Урматтуу мусулман бир туугандар!
Курман айт майрамыңыздар маарек болсун!
تقبل الله منا ومنكم
«Такаббалаллаху минна ва минкум»
Аллах Таала бизден жана сиздерден кабыл кылсын!
https://www.instagram.com/reel/DYtxuo5AwbW/?igsh=cWVkZDgzNnZ5NXdt
https://youtu.be/XTDHE9OTDIQ?si=JHe0jMqGAb69rNmE
https://youtu.be/D2MIQvZskzM?si=T_8yB3SMm7DBwJ5n
إِنَّ اللهَ يَقُولُ لِأَهْوَنِ أَهْلِ النَّارِ عَذَابًا: لَوْ أَنَّ لَكَ مَا فِي الْأَرْضِ مِنْ شَيْءٍ كُنْتَ تَفْتَدِي بِهِ؟ قَالَ: نَعَمْ. قَالَ: فَقَدْ سَأَلْتُكَ مَا هُوَ أَهْوَنُ مِنْ هَذَا وَأَنْتَ فِي صُلْبِ آدَمَ أَنْ لَا تُشْرِكَ بِي فَأَبَيْتَ إِلَّا الشِّرْكَ
(صحيح البخاري، 3334)
Аллахтын Элчиси (соллаллоху алайхи ва саллам) айтты:
«Акыйкатта, Аллах Таала тозок элинин ичинен эң жеңил азапка тартылып жаткан кишиге: “Эгерде жер бетиндеги бүт нерсе сеники болгондо, (бул азаптан кутулуш үчүн) алардын баарын кун (куткаруучу каражат) катары берет белең?” —
деп сурайт.
Ал
: “Ооба (берет элем)”
— деп жооп берет.
Ошондо Аллах айтат:
“Сен Адамдын белинде болгон кезиңде, Мен сенден мындан алда канча жеңилирээк нерсени сураган элем: Мага эч нерсени шерик кошпооңду талап кылгам. Ал эми сен болсо шерик кошуудан (ширктен) башканы каалабай, баш тарттың”».
📚
(Сахих аль-Бухари, 3334)
🖊
Түшүндүрмө:
Бул дүйнөдө адамдын башына кандай гана кыйынчылык же оору келбесин, анын баары убактылуу жана чыдаса боло турган деңгээлде болот. Ал эми акыреттеги тозок азабы ушунчалык оор, атүгүл анын эң жеңил үлүшүн алып жаткан адам дагы ошол замат бүткүл дүйнөнүн байлыгына ээ болсо, ошол азаптан кутулуу үчүн баарын ойлонбостон берүүгө даяр болот. Бул жерден биз дүйнө байлыгынын акыретте эч кандай баасы жана пайдасы жок экенин, ал жактагы эң кичинекей жаза да бул дүйнөнүн эң чоң кыйынчылыгынан канчалык коркунучтуу экенин түшүнөбүз.
Хадистеги
“Сен Адамдын белинде кезиңде...”
деген сөз — бүткүл адамзат жарала электе, рухтар ааламында болгон улуу убадалашууну билдирет. Куранда эскерилгендей, Аллах Таала Адам атаны жараткандан кийин, анын белинен кыяматка чейин келе турган бардык урпактарынын рухтарын чыгарып, Өзүнүн Рабби экенин билдирген жана алардан убада алган. Аллах Таала ошол убаданы эске салып, адам баласына эң башынан эле туура жол көрсөтүлгөнүн айтып жатат.
Аллах Таала Өзүнүн пендесинен өтө оор, аткарылгыс нерсени талап кылган эмес. Ал Зат адамдан дүйнөнүн байлыктарын же оор курмандыктарды сурабастан, болгону эң жеңил нерсени — Өзүнө гана ишенип, Анын Өзүнө гана сыйынууну жана Ага эч нерсени шерик (тең) кылбоону сураган. Бирок адам баласы бул дүйнөгө келгенде напсисине, шайтанга алданып, Анын акысын унутуп, ошол эң жеңил гана шартты аткаруудан өжөрлөнүп баш тарткан.
Демек бул хадис — адамды ширктен ардайым сак болууга чакырган эскертүү. Бизде азыр мүмкүнчүлүк бар, бул дүйнөдө жашап жатабыз. Бул жакта азаптан кутулуу үчүн бүт дүйнөнүн байлыгын берүүнүн кереги жок. Кутулуунун жолу өтө жеңил жана бекер: ал — жүрөктү тазалап, ишенимди түзөө, Аллахка гана сыйынуу жана ширктен алыс болуу.
✏️
Нурбек Аширмухаммад уулу
https://t.me/sunnotjolu/1465
الله أكبر الله أكبر الله أكبر لا إله إلا الله،
والله أكبر الله أكبر ولله الحمد
Аллаху акбар, Аллаху акбар, Аллаху акбар, лаа илааха иллаллах,
уаллаху акбар, Аллаху акбар, уа лилляхиль хамд.
Мааниси:
«Аллах эң Улуу, Аллах эң Улуу, Аллах эң Улуу.
Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок.
Аллах эң Улуу, Аллах эң Улуу.
Бардык мактоолор Аллахка таандык».
https://youtu.be/-CcE6gUWw-M?si=QF0c8bJsNxNpCIpg
https://www.instagram.com/reel/DYhjc06oOzZ/?igsh=MXgycjlmMnUwOW5tOA==