Select your region
and interface language
We’ll show relevant
Telegram channels and features
Region
avatar

Шейх Муаз Хава.

Muazhawwa
Тасаввуф хикматтары. ياربِّ بالمُصطفى بلغ مقَاصِدَنا واغفِر لنا ما مَضى يا واسِع الكرمِ https://t.me/hanafiajordan https://t.me/Muazhawwa
Subscribers
3 090
24 hours
20
30 days
-80
Post views
875
ER
23,5%
Posts (30d)
10
Characters in post
542
Insights from AI analysis of channel posts
Channel category
Religion and Spirituality
Audience gender
Female
Audience age
35-44
Audience financial status
Middle
Audience professions
Education
Summary
April 28, 11:50
Media unavailable
1
Show in Telegram

Чектен ашып, көпсө да кул деген кул!
Чанылса да эге - эге! Чындык ушул...!
Эсиң барда, этек жыйып, Эгеңе кайт!
Эсирген күндөр үчүн "кечир"- деп айт!
https://t.me/Muazhawwa
https://t.me/hanafiajordan

April 26, 13:16

Бул китепче устазыбыз Шейх Муаз Хаванын "Пайгамбарлык жолдун негизинде жүрөктү арылтуу" аттуу алты томдук эмгегинин "Балдарды тарбиялоо" бөлүмүнүн котормосу
Которгон шейхтин шакирттеринин бири Мамасали уулу Абдыкаар (Абдул-Кадыр) дамыла.
Жараткан кылган эмгегин кабыл кылсын. Жалпы элге пайдалуу китептерден кылсын.
Китеп боюнча төмөндөгү номерге кайрылсаңыздар болот.
+996 778 730 909

April 26, 13:16
Media unavailable
2
Show in Telegram

April 23, 14:17
Media unavailable
1
Show in Telegram

Пайгамбарыбыздын صلى الله عليه وسلم жүрөгүнө сүйүнүч тартуулагысы келген адам, үммөтүнө жакшылык кылсын.
Пайгамбарыбыз صلى الله عليه وسلم дын үммөтү сүйүнсө, сүйүнөт. Капа болсо, капа болот.
Ар бир мусулман колдон келишинче бири бирине жардамдашсын. Кайдыгерлик жаман сыпат. Муктаж адамга кол сунган пайгамбарыбыздын صلى الله عليه وسلم  сүннөтү.
Ислам дининен бөлөк эч ким мындайды үйрөткөн эмес.
Ислам диниңер менен сыймыктангыла, кичипейил болгула.
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар

April 22, 07:42

Шейх Муаз Хава (Аллах аны жамандыктардан сактасын) айтты:
Инсан аралашкан чөйрөсүнөн таасирленет. Эгер чөйрөсү жакшы болсо, жакшылыкка көңүлү түзөлүп жакшы болууга умтулат. Эгер чөйрө жаман болсо, билинбей акырындап жамандыкка чөгө баштайт.
Оң же терс таасирдин аз-көбү, ошол чөйрөгө болгон катышына, аралашуусуна жараша болот.
Сүйүктүүбүз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) айткандай: "Жакшы жолдош менен жаман жолдоштун мисалы, жыпар сатуучу менен көрүк басуучу сымал. Жыпар сатуучу сага жыттууларды белекке берет же сен андан сатып аласың, жок эле дегенде андан жагымдуу жыт табасың. Ал эми көрүкчүнүн жанында жүрсөң, кийимиңди күйгүзүп алышың мүмкүн, аз дегенде андан жаман жыт табасың"
https://t.me/Muazhawwa

April 22, 07:42
Media unavailable
1
Show in Telegram

April 12, 14:37
Media unavailable
1
Show in Telegram

Аллах тааныгы Шейх Ибни Ажийба (Аллах ырайымына бөлөсүн) "Ийкозул-Химам"(Эркти ойготуу) китебинде айтат:
Көп намаз окудук,
көп орозо туттук,
көп элден алыстап кулчулук кылдык,
көп зикир кылдык,
көп Куран окудук,
Бирок Аллахка ант, жүрөгүбүздү биле албадык, түшүнбөдүк! Жаратканды тааныган эрендерге жолдош болгонго чейин Жаратканды таануу таттуулугун татпадык. Алар бизди Аллахтын каалоосу менен, чалыгуудан тыныгууга, булгануудан арылууга, тануудан таанууга алып чыгышты.
يقول سيدي العلامة العارف بالله الشيخ ابن عجيبة في « إيقاظ الهمم »: (صلينا كثيرا، وصمنا كثيرا، واعتزلنا كثيرا، وذكرنا كثيرا، وقرأنا القرآن كثيرا، والله ما عرفنا قلوبنا، ولا ذقنا حلاوة المعاني حتى صحبنا الرجال أهل المعاني، فأخرجونا من التعب إلى الراحة، ومن التخليط إلى الصفا، ومن الإنكار إلى المعرفة).
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар

April 09, 01:00

https://youtu.be/yhJHqdyra90?si=JESONxj52dPurSgM

April 07, 14:26
Media unavailable
1
Show in Telegram

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) кабарлайт Аллахтын элчиси (Аллахтын салам-салаватты болсун) айтты: "Ким тууралыккы чакырса, аны ээрчигендердин сообундай сооп эч кемитилбестен жазылып турат. А ким бузукулукка чакырса, аны ээрчигендердин күнөөсүндөй күнөө эч кемитилбестен жазылып турат. (Муслим)
Бул хадис Исламда жактырылган изги иштерди демилгелөөгө ж-а Исламда тыйылган жаман жоруктардан четтенүүгө үндөйт.
("Шарх Риядус-Соолихин"/ Имам Ибн Камал Баша Ханафий)
قال رسول الله - صلى الله عليه وسلم - "مَن دعا إلى هُدًى كان له مِن الأجرِ مِثْلُ أجورِ مَن تبِعهُ لا ينقُصُ ذلك مِن أجورِهم شيئًا، ومَن دعا إلى ضلالةٍ كان عليه مِن الإثمِ مِثْلُ آثامِ مَن تبِعهُ لا ينقُصُ ذلك مِن آثامِهم شيئًا" (الراوي: أبو هريرة - صحيح مسلم / ٢٦٧٤)
https://t.me/Muazhawwa
https://t.me/hanafiajordan

April 05, 12:41
Media unavailable
1
Show in Telegram

Кудай Таалам байлык берсе, аны туура колдон. Кайсы жакшы ишке жумушасам экен деп изде! Муктаж адамдар көп, караштырып, сураштырсаң,  арманын айта албай жаткан Алланын пенделерин табасың. Пенделерди сураттырбай бергенди үйрөнүшүбүз керек.
Бул жолдо бечаранын акысына кол салып, муктаж эместер да, талашып алып койгондор бар. Алардан этият бол! Чыныгы муктаждарды издеңиз!
Бирөөнүн кажетин чечип бергенден кийинки ыймандын даамы өзгөчө эмеспи?! Аны чын ыклас менен каражатын сарптаган адам гана түшүнөт.
Садака берүү менен мал-мүлкү кемип калбайт деген түшүнүк жүрөгүнө орномоюн, ыйманы толук болбойт. Шайтан дайыма кедейчилик менен коркутат. Бирок пайгамбарыбыз صلى الله عليه وسلم кемибейт, балким артып, ашат деп убада берген. Үммөт акыр заман элчиси, Алла Тааланын сүйүктүү пайгамбарынын сөзүнө ишенип, садаканы көбөйтүү зарыл...
https://t.me/Muazhawwa
https://t.me/hanafiajordan