Select your region
and interface language
We’ll show relevant
Telegram channels and features
Region
avatar

АКЫРЕТКЕ ДАЯРДЫК🕌🕋

akyretke_daiardyk
Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу ☝🏻 ❤️ 📖 Куран аяттар 🕋 Хадистер 🕌 Сүннөт амалдар ⚡️ Баяндар 📲 👨‍👩‍👦 ✔️ Диний маалыматтар 📷 Өзүм тарткан видео сүрөттөр КАНАЛГА КАТТАЛЫП, ДҮЙНӨЛҮК ЖАНА, АКЫРЕТТИК ПАЙДА АЛЫҢЫЗДАР
Subscribers
3 587
24 hours
-3
30 days
-116
Post views
560
ER
15,61%
Posts (30d)
1
Characters in post
920
Insights from AI analysis of channel posts
Channel category
Religion and Spirituality
Audience gender
Female
Audience age
25-34
Audience financial status
Middle
Audience professions
Education
Summary
August 15, 17:31
Media unavailable
2
Show in Telegram

ЖҮРӨКТҮ ТАЗА КАРМОО БУЛ СҮННӨТ!
https://t.me/Akyretke_daiardyk

July 21, 18:40

🔰
ҮЧ НАСААТ.
Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.
Окурманым, сага айтар үч осуятым бар: ( керек жерде керең бол - тынч жашайсың; нээматтарды эстей жүр - топуктуу болосуң; жаратылышка баам сал - таң каласың ).
Биринчиси, керек кезде керең бол - жашооң тынч болот; көралбастын көзүнө, ичи тардын сөзүнө көңүл бурба. Өз жолуң менен кете бер. Береке тапкыр, *"бекерчиден безе кач"* деген ушу, алар менен талашып-тартышып отурба. Өзүңдү бил, башкага кийлигишпе. Ошон үчүн күбүр-шыбырды укмаксан бол, алардын айтканы кумга сиңип жок болот.
Экинчиси, нээматтарды эсте - топуктуу болосуң. Аллах тартуулаган өзүңдөгү нээматтарды дайыма эсте. Ыйманыңды, ден соолугуңду, акыл-эсиңди, тынчтык, бейпилдикти, ырыскыны, жумушту ж.б. нээматтарды ким берди, кайдан келди ушуну дайыма ойлой жүр. Буларды эстеген сайын, Аллахка шүгүр кыласың, шүгүр кылган сайын көкүрөгүң ачылып, жаның тынч алып, денең кубаттанып, ынсап-топуктуу болосуң.
Үчүнчүсү, айланаңа көз чаптырып Жараткан чеберчилик менен жасаган жаратылышка баам сал. Жаратылышы Жараткандын жалгыздыгы тууралуу аяттарды, жаратып жатканда эч нерсеге муктаж болбогон кудуретин оку.
Көз жоосун алган бак-даракка кара, көк тиреген тоолорго тигил, түшүп кетпей салаңдаган булуттарга, көз кубаты жетпеген мейкинге үңүл. Баш-аягы көрүнбөгөн чөлдөр, кирген-чыккан суусу жок көлдөр, ийри-буйру дарыялар кайдан, кантип пайда болду? Дарактар, гүлдөр, даамы бириники бирине окшобогон мөмө-жемиштерчи? Ойлон, акыл жүгүрт, анан Кемчиликсиз Жаратканды мактап аруула. Анын чеберчилигине таң калбай койбойсуң, акылың да жетпейт, андыктан дагы бир жолу Аны мактап аруула.
Мына ушул үч осуятты унутпа.
(Керек жерде керең бол - тынч жашайсың; нээматтарды эстей жүр - топуктуу болосуң; жаратылышка баам сал - таң каласың ).
📗
Булагы: Бакыттын сырын ачтым
https://t.me/Akyretke_daiardyk

June 07, 17:39

🔰
ТАХАЖЖУД НАМАЗЫ
Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.
🌴
*АЯТ: "Күндүздүн эки тарабында, түндүн таңга ыктаган бөлүгүндө намаз оку! Чынында жакшылык жамандыкты жууп кетирет. Бул - түшүнгөндөр үчүн чоң сабак!" ("Худ"сүрөсү; 114-аят)
🌴
ХАДИС:
"Түнкү намазга (тахажжудга) бекем болгула! Себеби бул түнкү намаз - силерден мурдагы жакшы адамдардын (такыбаалардын) адаты. Ал Аллахка жакындатып, күнөөлөрдөн алыс кармап, күнөөлөрдүн жуулушуна себеп болот. Ошондой эле ооруларга жа шыпаа болот". (Азирети Билалдан, Тирмизи)
🌴
ОКУЯ: «ТҮНКҮ ОКУГАН НАМАЗДАРЫМДЫН ЖАРДАМЫ ТИЙДИ...»
Көрүнүктүү олуялардан Жунайд Багдади каза боло турган күнү аябай коркуп, капа болуп жүрөт. Жүзү кубарып, бопбоз болуп калганын көргөн шакирттери аябай кабатыр болушат. А түгүл араларынан бирөөсү:
- *Кокуй, биз сиздин шафаатыңыздан үмүт кылып жатабыз. Эгер сиз ушунча кыйнала турган болсоңуз, анда биздин абалыбыз кандай болот?** - дейт.
- Эй, досторум! Жетимиш жылдык ибадатымды кылдан ичке жипке илишти. Бирде нары, бирде бери жакка тергелип турат. Мен бул сыдырым желдин, ибадаттарымды кабыл алган желби же кабыл албаган сыдырым жел экенин билбей, башым катып жатат,- дейт Жунайд Багдади.
Кийин ал көз жумганда анын сөөгүн жууп жаткан шакирти суу жеткирүү үчүн анын кутту көздөрүн ачууга аракет кылат. Ошол маалда периштелерге тил бүтүп:
:Убара болбо, Жунайддын көзү Аллахтын зикири менен жумулган. Анын дидарын көрмөйүнчү ачылбайт"
дешет.
Бир күнү шакирттеринин бир аны түшүндө көрүп кызыгып:
- Устатым, Аллах Таала сизге кандай мамиле жасады?* деп сурайт.
Анда устаты:
-Мага бир гана түнкү окуган намаздарымдын жардамы тийди,* - деп жооп берет.
📗
Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”
https://t.me/Akyretke_daiardyk

May 27, 03:50
Media unavailable
3
Show in Telegram

تقبّل اللّٰه منا ومنكم
🤍
Поздравляю всех с наступлением праздника ‘Ид аль-Адха!

Пусть Аллах примет ваши жертвоприношения, молитвы и дуа, сделанные в день ‘Арафа. Пусть этот светлый праздник принесёт в каждый дом мир, баракат, счастье и душевное спокойствие.
Желаю всем крепкого здоровья, искренней радости, благополучия и чтобы рядом всегда были любимые и близкие люди.
Пусть все ваши добрые намерения и мечты исполнятся по воле Аллаха
🤲🏻

С уважением, Aiza
🤍

May 26, 18:16
Media unavailable
3
Show in Telegram

https://t.me/Akyretke_daiardyk

May 26, 18:12
Media unavailable
1
Show in Telegram

Айт намазын откоруунун
тартиби жана программасы:
06:30 07:00 - Куран окуу жана баяндамалар
07:00-07:25 - Куттуктоо жана
Курман айттын пазылеттери;
07:25 07:30 - Айт намазын окуунун тартиби жана
эрежелери боюнча тушундурме
беруу
07:30 - Айт намазын окуу жана дуба кылуу.
Программа айт намаза:*
06:30 - 07:00 - чтение Корана
07:00 - 07:25 - проповедь;
07:25 - 07:30 - о правилах и порядке совершения айт намаза
07:30 - начало Айт намаза.
Праздничная молитва пройдет во всех мечетях страны т, а так же на Старой площади
Г. Бишкек

May 25, 04:19

☪️
АРАФАТ КҮНҮ ТУТУЛГАН ОРОЗО ЭКИ ЖЫЛДЫК КҮНӨӨЛӨРДҮН КЕЧИРИЛИШИНЕ СЕБЕП БОЛОТ
Бул туурасында пайгамбарыбыз ﷺ мындай деп айткан: *“Арафат күндүн орозосу өткөн жана келерки жылдагы күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот деп Аллахтан үмүт кыламын”. (Сахих Ибну Хиббан)
Бул орозо ажыга барбаган мусулмандар үчүн мустахаб болуп саналат. Ал эми ажылыкты аткарып жүргөн мусулмандар үчүн бул күнү орозо тутуу милдет эмес. Анткени пайгамбарыбыз ажылыкта Арафат күнү орозо туткан эмес.
⚠️
Мусулман бир тууганым! Арафаттын орозосун сөзсүз кармагын! Жеке эле өзүң тутпастан, үй-бүлөңдү да орозо тутууга буйругун. Анткени бул күн – улуу күн жана ал күндүн орозосу эки жылдык күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болгон күн.
АРАФАТ КҮН – ДУБАЛАР КАБЫЛ БОЛО ТУРГАН КҮН
Аллахтын элчиси ﷺ айтты:
“Дубалардын эң жакшысы – Арафат күнү кылынган дуба”.
(Тирмизи)
Арафат күнүндө ар бир мусулман адам зикирлерди айтып, Аллахтан күнөөлөрүн кечирүүсүн сурап жана жакшы ой-тилектерин айтып жан дили менен дуба кылуусу керек. Анткени бул күн – дубалар, жакшы ой-тилектер, ойлогон ой-максаттар кабыл кылына турган күн.
https://t.me/Akyretke_daiardyk

May 24, 18:38
Media unavailable
1
Show in Telegram

May 18, 15:26
Media unavailable
1
Show in Telegram

27-МАЙ КУРМАН АЙТ МАЙРАМЫ
2026-жылдын 27-майы (шаршемби куну) Курман айт майрамы деп белгиленди. 26-май арапа куну,
27-май Курман айт.
«Курман айт куну адам баласынын кылган амалдарынын ичинен Аллахка эн суйуктуусу -
курмандык чалуу».
(Имам Тирмизий риваяты)
Курман айт - ислам дининдеги эн улуу майрамдардын бири болуп эсептелет. Бул кундер
мусулмандардын ынтымагын бекемдеп,
боорукерликти, жардамдашууну жана курмандык
аркылуу Аллахка жакындоону даназалайт.
Жараткан Алла Таала
ар бириниздердин айт майрамыныздарды куттуу
кылып, чалган курмандыгыныздарды
кабыл алып, эл-жерибизге береке-тынчтык тартууласын!
Курман айт майрамыныздар
маарек болсун!
🤲🏻
🤲🏻

April 30, 18:56

🔰
КӨЗҮҢДҮ ЖУМ ДА, ЖАРАТКАНДЫ АРУУЛА.
Кээде жүрөк кысылып, санаа басып кыйналганда Жаратканды аруулай баштайм. Көзүмдү жуумп, жашоо-турмушту бир азга эстен чыгарып, падышалардын Падышасы менен байланышам. Анан кадимкидей эс алып, жүрөгүм тынчтанып, жаным жай ала түшкөнүн сезем. Негизи Аллахты аруулоо ( тасбих айтуу) ыраазылыкты табуучу, бейпилдик түшүрүүчү, кубаныч тартуулоочу амал.
_Касиеттүү Куранда айтылат эмеспи: " *Кеп-сөз кылгандарга сабырдуу бол, күн чыгаарда жана батаарда Жаратканды мактоо айтуу менен аруула, түн ичинде жана күндүз да аруула, ыраазы болууң ажеп эмес"*_ ( "Тоха" сүрөсү, 130-аят).
_Аллах Таала пайгамбарын ( ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кыйынчылыкка кабылган кезде Өзүн аруулоого буйруган: " *Алардын кеп-сөзүнө жүрөгүң кысылып турганын билебиз, Жаратканды мактоо менен аруула жана сажда кылуучулардан бол*" ( "Хижр" сүрөсү, 97-98- аяттар)._
*Мага өтө көп адамдар санаага батып, жан дүйнөсү тарып жатканын айтып келишет,мунун себеби эмне экенин билбейм, бирок жеңүүнүн жолу ушул. Көзүмдү жумам да: "Субханналлааху ва бихамдика" деп, кайталай баштаймын. Берилүү менен, кызыгуу менен... Кайгың кубанычка айланат, жан дүйнөң эс алат.*
_Мына ушул, менин тажырыйбамдан өткөн көнүгүүнү аткарып көр. Аллахты аруулаганың, Ага арыз-арманыңды айтканың. Ал ырайымдуулардын ырайымдуусу, сен Аны мактап дартыңды айтсаң, Сага жооп бербей койбойт, көйгөйүңдү чечет._
*Куранда балээден кийин тасбих айт деп канча жолу кайталанбады: " _Кеп-сөз кылгандарга сабырдуу бол, күн чыгаарда жана батаарда Жаратканды мактоо айтуу менен аруула"_ ( "Кахф" сүрөсү, 39- аят)*.
Жан дүйнөң жабыркаса, аны Жаратканды аруулоо менен дарыла. Санаа басып, жүрөк кысылса, аны да Жаратканды аруулоо менен айыктыр. Капаланып кайгыга батсаң, андан да Жаратканды аруулоо аркылуу кутул. Ушинт. Ушинтсең Аллахтын каалоосу менен бактылуу болосуң
📚
Булагы: Бакыттын сырын ачтым.
https://t.me/Akyretke_daiardyk