Select your region
and interface language
We’ll show relevant
Telegram channels and features
Region
avatar

БАКТЫЛУУЛУК ИСЛАМДА

baktyluulukis1amda
Инсан төрөлгөндө АЗАН айтылат, бирок намаз окулбайт. А инсан бул аламдан көз жумганда азан айтылбайт НАМАЗ  окулат. Эмнеге мындай? Анткени төрөлгөнүңдө айтылган АЗАН, сен алдыда окуй турган намаз үчүндүр. Өмүр ушунчалык кыска...
Subscribers
2 637
24 hours
-3
30 days
-48
Post views
130
ER
4,93%
Posts (30d)
15
Characters in post
652
Insights from AI analysis of channel posts
Channel category
Religion and Spirituality
Audience gender
Female
Audience age
35-44
Audience financial status
Middle
Audience professions
Psychology & Counseling
Summary
October 27, 04:29
Media unavailable
3
Show in Telegram

October 24, 17:45

*Ассаламу алейкум жамаат кандайсыздар?*
🤗
📌
*Эртең акысыз сабак*
📖
*Сабакта төмөнкү суроолорго Куран жана хадистердин негизинде жооп табасыз*:
• Салыштыруу жана ички нааразычылыктан кантип арылабыз?
• Үй-бүлөбүздү виртуалдык тузактан кантип коргойбуз?
• Исламдагы чыныгы бакыттын, шүгүрчүлүктүн сыры.
🗓
*25-октябрь*
⏰
*Саат 21:00дө*
👤
Сабак өтүүчү: *Абдукапар уулу Абдужапар устаз (Тафсир илимдеринин доктору, Ph.D).*
Сизди акысыз сабагыбызда күтөбүз!
🌸
🎁
*Ссылка менен бөлүшүп бериңиздер*
*Устаздын тафсир сабагын белек кылабыз*
🤗
Төмөнкү шилтеме менен өтүңүз
⤵️
https://chat.whatsapp.com/JcfHCJWelICFqaR6aAtL2P?s=cl&p=a&mlu=4&ilr=4

October 24, 08:34

عَنْ أَبِي رُقَيَّةَ تَمِيمِ بْنِ أَوْسٍ الدَّارِيِّ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ أَنَّ النَّبِيَّ صلى الله عليه وسلم قَالَ:
"الدِّينُ النَّصِيحَةُ." قُلْنَا: لِمَنْ؟ قَالَ: "لِلَّهِ، وَلِكِتَابِهِ، وَلِرَسُولِهِ، وَلِأَئِمَّةِ الْمُسْلِمِينَ وَعَامَّتِهِمْ."
[رَوَاهُ مُسْلِمٌ]
Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты:
«Дин – ак ниеттүү болуу. Биз: «Ким үчүн?» – деп сураганыбызда, ал (саллаллаху алейхи ва саллам): «Алла Таала үчүн, Анын китеби (Куран) үчүн, Анын Элчиси үчүн, мусулмандын башчылары үчүн жана жалпы мусулмандар үчүн – деп жооп берди»
Муслим

October 24, 02:40

✤ *ТАХАЖЖУД НАМАЗЫНА АШЫККАН ЖАНДАР*
💚
_Абу Хурайра (разияллооху анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: *“Киши түндөсү туруп тахажжуд намазын окуп бүтүп аялын ойготсо, ал да туруп окуса. Эгерде ал турбаса бетине суу себип (болсо да) ойготсо, Аллах Таала ырайымына бөлөсүн. Ал эми аял түндөсү туруп, тахажжуд (намазын) окуп бүтүп, күйөөсүн ойготсо, ал да туруп окуса, эгерде ал турбаса бетине суу себип (болсо да) ойготсо Аллах Таала ырайымына бөлөсүн”.* (Насаи)._
*_Түшүндүрмө:* Бул хадис тахажжуд намазына кызыккан эркек-аялга тиешелүү. Эгер алардын ортосундагы ойготуп -тургузуу тарынычка себепкер болбосо. (Му'aарифул хадис)._
⠀

October 23, 04:44

_Абу Умама (разияллооху анху)дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтат: *“Алла Таала кайсы бир пендесине эки ирекет намаз окуусуна мүмкүнчүлүк берсе, андан өткөн жакшы нерсе жок. Чындыгында, пенде (дайыма намаз менен алек болсо) намаз окуп жатканда, жакшылык анын башына себилип турат. Пенделер Алла Таалага, Андан түздөн-түз түшкөн (Куран)дан артык башка нерсе менен жакындай алышпайт”.* (Тирмизи)._

October 21, 13:51
Media unavailable
1
Show in Telegram

Балдар үйүнө ушул реквизит гана көрсөтүлгөн.

October 21, 13:50
Media unavailable
3
Show in Telegram

Ас-саламу алейкум урматтуу «Бактылуулук исламда» жамааты.
Амансыздарбы?
Ар бир сезондо кезек менен жетим балдар жана кароосуз калган карыялар үйлөрүнө кайрымдуулуктар уюштурганбыз.
Ин шаа Аллах, күзгү кайрымдуулук иш чара Чүй облустуна болмокчу.
Баарыңыздар жакшылык иште жарышыңыздар.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) да:"Жетимди жакшы караган адам менен мен бейиште мындай
✌🏻
жакын болом ",деп соомойу менен ортонун жакындата корсоткон болчу.
Реквизит:
Мбанк 778110211 Бибимариям К
Видео, фото отчеттор берилет буюрса

October 06, 07:05

🔰
*_ДАРЫЛАРДЫН ЭҢ ЖАКШЫСЫ БУЛ - КУРАНИ КАРИМ_*
_Куранда Аллах Таала айтты:_
*_“Биз Куранды момундарга шыфаа, мээримдүүлүк (болсун) үчүн жөнөттүк”._*
(Исро сүрөсү 82-аят)
_Бул темага байланыштуу бир канча хадиси шарифтер бар._
*_"Дарылардын эң жакшысы бул – Курани карим”_* (Ибни Мажа)
*_"Курани каримден шифаа күтбөгөн адам шифаага жете албайт”_* (Дайлами)
*_"Фатиха менен Аят-ал курсини окуган адамга ал күнү назар (көз) тийбейт”_* (Дайлами)
*_"Эртең менен жана кечинде Ихлас менен Муаввизатайнды (Фалак жана Насс сүрөлөрүн) үч жолудан оку! Булар бардык балээ, кырсык, кыйынчылыктарды жана кааланбаган нерселерди кетирет”_* (Тирмизи)
*_"Фатиха ар дартка даба”_* (Байхаки)
*_"Асыл даба – Куран”_* (Ибни Наср)
*_"Ла илаха илла анта субхаанака, инни кунту миназ-зоолиминди окуган адам дарт жана белээден кутулат”_* _(Хаким) (40 жолу окуган жакшы болот)_
*_"Курани каримди окуп жаттагыла! Аллах Таала ичинде Курани карим болгон жүрөккө азап кылбайт”_* [Ширанын түшүндүрмөсү]
_Курани карим менен дуба шарттарына ылайык окулса гана албетте шифаа болот. Окуган адамдын жана оорулуунун буга ишенүүсү зарыл. Харам иш кылгандын жана ишеними туура болбогон адамдын окуусу пайда бербейт._
_Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..
✍️
_

October 04, 18:43

✤ *АДАМ КҮНӨӨЛӨРДӨН ТАЗАЛАНМАЙЫН БЕЙИШКЕ КИРБЕЙТ*
_Имам Ибну Каййим, рахимахуллах, айтты:_
*_“Пенде күнөөлөрдөн толук тазаланмайын бейишке кире албайт. Бул тазалануу дүйнө жашоосунда төрт нерсе аркылуу ишке ашат:_*
*1) Тообо кылуу.*
*2) Истигфар айтуу (күнөөлөр үчүн кечирим суроо).*
*3) Күнөөлөрдү өчүрүүчү жакшылык иштерди кылуу.*
*4) Күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болгон сыноо-кыйынчылыктарды баштан өткөрүү.*
*_Эгерде бул төртөөсү да аны күнөөлөрдөн тазалай албаса, анда кабырда үч нерсе менен тазаланат:_*
*1) Ыймандуу адамдардын ага дуба кылуусу, ал үчүн кечирим суроосу жана ага шапаат кылуусу.*
*2) Кабырда азапталуусу.*
*3) Мусулман бир туугандарынын ага сооптуу иштерди белек кылып багыштоосу.*
*_Эгерде бул үчөөсү да аны күнөөлөрдөн тазалай албаса, анда акырет майданында үч нерсе менен тазаланат:_*
*1) Кыяматтагы коркунучтар жана андагы майдандын катаалдыгы.*
*2) Шаапат кылуучулардын шапааты.*
*3) Аллах тааланын кечирими.*
*_Эгерде бул үчөөсү да аны күнөөлөрдөн тазалай албаса, анда аны ыпластыгынан (күнөөсүнөн) тозок оту тазалайт. Анын ал жакта калуусу ыпластыгынын көптүгүнө же аздыгына, күчтүүлүгүнө же алсыздыгына жана топтолушуна жараша болот. Качан анын ыпластыгы кетип, толук таза болгондо, ал тозоктон чыгарылып, бейишке кирет”._* («Мадаариж ас-Сааликин», 1/463)
⠀

October 03, 03:53

👆
Хасан Басринин риваяты боюнча
Пайгамбарыбыз [саллаллаху алейхи ва саллам] мындай дейт:
"Беш убак намаз силердин бириңердин үйүнүн алдынан агып турган суусу мол дарыяга окшош.
Ар күнү беш жолу бул дарыяга жуунуп турган кишинин үстүндө кир калабы?"
🔖
Хадис [Бухари, 666; Тирмизи 2872].
💎
Б.а., намаз пенденин чоң күнөөлөрүнөн сырткары бардык күнөөлөрүнөн арылышына себеп болот.
💎
Мунун мындай болушу үчүн окулган намаз коркуу менен окулушу керек.
❗️
Мындай болбогон намаз намаз ээсинин бетине ыргытылат.
©
"Жүрөктөрдүн ачкычы" китебинен