
Сүйкүм элестер
Айылым
❤️
Сагынып жете албаган менен бараар жериңдин болгону - керемет. Кусалыктан күйүп, бирок бара албасаң да жакындарыңдын ар дайым сени күткөнү - чоң бакыт, окшобойбу...
🥹
🫀
Инсандык кылып наалып коёбуз, учурдун жүгүн көтөрө албаганда.. Бирок, ичибиз шүгүргө толгон бай үммөтпүз. Жаратканым жолубуздан жаңылтпай өтсөк экен, бул жалгандан.
@elestett
💌
"Кайгырба! жана Коркпо!
Аллах сени менен бирге..."
🫀
"لَا تَحْزَنْ إِنَّ اللَّهَ مَعَنَا"
"Чындыгында Аллах биз менен бирге"
9/40
🤍
@elesterr
💌
Элестетиңиз, сыноолор бүттү..
Амал дептериңиз оң жагыңыздан берилди. Анан бул добушту уктуңуз…
فَادْخُلِي فِي عِبَادِي وَادْخُلِي جَنَّتِي
"Менин (сүйүктүү) пенделеримдин арасына кошулуп, Бейишиме киргин!"- деген...
Кандай гана улуу сүйүнүч!
😍
❤️🔥
Жаратканым татыктуу кылгай
🤲
❤️🩹
@elesterr
💌
"Насипсиздик эмне"- деп сурай турган болсоңор;
"Убакытты убакыттын Ээси болгон Аллах Таалага айыра албагандык"- дейм.
@elesterr
💌
Сүйүүнүн дүйшөмбү, шейшембиси болбойт. Сүйүү ар дайым Жума күнү.
Жумаңыздар маарек болсун!
🥹
❤️🔥
с.Рустам Абилов
Кахф+Салават+Ибадат-Дубалуу бир Жумабыз болсун
🫀
•Окуудан сырткаркы адабий китептерди окуганды анан кофени өттө жакшы көрөм.
😍
❤️🩹
Негизи, китеп менен кофе эле болуп турса жашоо опоңой.
Бирок, жашоо ар дайым каалоолорубуз сыртында бизди мажбур тутат. Айтор, жашоо кыйын, достор...
🌝
❤️🔥
[майрам каникулу бүттү
🤲
🫀
]
@elesterr
💌
16:30-00:50
✅
💚
"До" "После" девеле
🙈
Бир иштин эң оор учуру - баштоо. Баштап эле алсаң кетесиң, бирок баштай албайсың.
😅
A бул чындык бардык иштерде бар. "Баштап койсоң өзү бүтө берет" деген элимдин накыл сөзүн эми терең түшүнүп олтурам.
Агайым айткандай;
"Дипломдук иштин темасын тандоо анын жарымын бүтүргөн менен барабар..."
🔥
@elesterr
💌
Asrı-Sâdet
😍
❤️🔥
Истанбулда Пайгамбарыбыз с.а.в дын мезгили тууралуу кино тартуу үчүн эски Мекке шаарын куруп жатышыптыр. Толук бүтө элек экен, майрамга карата элдер зыярат кылсын деп ачып коюшуптур. "Кино тартылып баштаганда бул жер, бул жерге жакын жолдор баары жабылат"- дейт усталардын чоңу. Насип кылган үчүн сүйүнүп калдык, себепчи болгондордон Аллахым ыраазы болсун. Истанбулда же Истанбулга жакын жерде болгон окурманым болсо, сунуштайм. Мындай мүмкүнчүлүктү колдонбой калбаңыз.
🥰
•Чындап эле ошол доорго түшүп калгандай сезимди сездирип өтөт экен. Кандай Жөнөкөй бир Жашоо болгон сүйүктүү Пайгамбарыбыздын жашоосу... СубханАллах
🥹
❤️🔥
@elesterr
💌
Кыргызстан даамы...Кыргызстаным
🇰🇬
❤️🩹
Бүтүн үй-бүлөң майрам үчүн топтолуп, бир гана сен видеозвонок аркылуу сүйлөшкөндө түшүнөсүң, аралыктын канчалык алыстыгын. Арага шаарлар гана эмес, өлкөлөр киргенин жана дүйнөдө сага жалгыз жасалмасыз жакын болгон инсандар алар гана экенин дагы да терең түшүнүп бирок такыр жете албасыңды ойлоп жан дүйнөң жанчылганын байкайсың. Мусапырлык мына ушундай; дүйнө сага өтө тар сезилет, бирок учу кыйырсыз кең, алыстай...
🥹
💔
•Бирок шүгүр дебесек да, нанкөрдүк болоор; башка өлкөдө туруп өз өлкөңдүн тамагынын даамын тата алган, үй-бүлөңдүн абалын көзүң менен көрүп сүйлөшө алган, заманбап мусапырчылыктын жүгү биз көтөрө алчудай эле салмакта...
🌝
💡
@elesterr
💌