Select your region
and interface language
We’ll show relevant
Telegram channels and features
Region
avatar

🇰🇬Ханафий Ордосу🇰🇬

hanafiy_ordosu
🇰🇬 ХАНАФИЙ ОРДОСУ 🇰🇬 окутуу борбору. 📚 Бул борбор: ханафий мазхабынын негизинде 🔴 акыйда 🔴 фыкх 🔴 тасаввуф 🔴 Куран 🔴 хадис 🔴 тажвид ж.б шариат илимдерин уюштурат. 📞 +996777066806 🌐 https://t.me/hanafiy_ordosu https://whatsapp.com/channel/0029Va
Subscribers
8 786
24 hours
-3
30 days
-231
Post views
972
ER
11,06%
Posts (30d)
26
Characters in post
967
Insights from AI analysis of channel posts
Channel category
Religion and Spirituality
Audience gender
Female
Audience age
35-44
Audience financial status
Middle
Audience professions
Others
Summary
October 24, 14:37

24-октябрь — жүрөктү кубанткан окуя.
Бүгүн бизди кубандырган бир окуя болду. Эртең менен WhatsApp аркылуу белгилүү бир жерге Куран жана диний илимдерди үйрөтө турган устазалар керектиги тууралуу билдирүү келди.
Даректи тактап, Ханафий ордосунун жамаатындагы устазалар менен байланыштык. Алардын арасынан сабак берүүгө убактысы барлар табылды. Айрымдары болсо ошол жерге жакын болгондо, өздөрү да барып сабак берүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Бул көрүнүш бизди өзгөчө кубандырды.
Бул окуя бизге эки маанилүү нерсени көрсөттү. Биринчиси — элибиздин арасында Куран үйрөнүүгө, динин тереңирээк таанып-билүүгө жана Аллахка жакын болууга умтулган адамдар бар. Экинчиси — илим таратууга, элге кызмат кылууга даяр устазаларыбыз бар.
Илимге болгон сүйүү аракет менен далилденет. Илим үйрөнүүнү каалаган адам мүмкүнчүлүктү күтүп гана отурбастан, өзү да изденип, аракет кылышы керек. Ал эми илим үйрөтүүгө мүмкүнчүлүгү бар адамдар ошол мүмкүнчүлүктү башкалардын пайдаланышына себепкер болушса, мындан өткөн сооптуу иштердин бири барбы?!
Ханафи ордосунун жамааты Куран жана диний илимдерди үйрөнүүнү каалаган бир туугандарыбызга жардам берүүгө даяр. Эгер сиздерге да Куран үйрөтүүчү же диний сабак өтүүчү устаза керек болсо,
📞
0777066806 номери аркылуу биз менен байланышсаңыздар болот.
Аллах Таала Куран үйрөнүүгө умтулган жүрөктөрдү илим нуру менен нурлантсын.
Катталып пайда алыңыздар!
🤲
🤲
🤲
https://whatsapp.com/channel/0029VaD4PiwCXC3Oj1m1He09
https://t.me/hanafiy_ordosu

October 24, 14:36
Media unavailable
2
Show in Telegram

October 23, 09:17
Media unavailable
1
Show in Telegram

October 18, 19:17

Болгону 1 күн калды Куран 0дөн үйрөнүү курсуна катталып ыйык Куранды окуу неьматына сиз да жетишиңиз
🌷
САБАК ӨТҮҮЧҮ УСТАЗА ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ
Курсту 10жылдан бери илим алып жүргөн устаза Абдыкамыт кызы Үмүт өтөт.
📚
Устазанын билим жолу:
1️⃣
Ош шаарындагы «Фирдаус» медресесинде билим алган.
2️⃣
Бишкек шаарындагы Арча-Бешик аймагында жайгашкан «Курбанжан» медресесинде окуган.
3️⃣
Иорданияда 7 жылдан бери Куран-тажвид илимин үйрөнүп келет.
4️⃣
Иорданиядагы Бүткүл дүйнөлүк ислам илимдери университетинин ханафи фикхи багыты боюнча бакалавриатын аяктаган.
5️⃣
🇯🇴
Учурда ошол эле университеттин магистратурасында окуусун улантууда.
🤍
Устаза төрт жылдан бери онлайн форматта сабак берип, айымдарга Куран үйрөнүүгө жардам берип келет.
Катталуу үчүн ватсап +962 7 8124 0463

October 16, 14:38

🌿
СПОНСОРДУК ЖАРДАМ МЕНЕН КУРАН ҮЙРӨНҮҢҮЗ!
🌿
🤍
Бир мусулман эжебиз дүйнөдөн өткөн атасынын атынан сооп үмүт кылып, Куран үйрөнүүнү каалап, бирок материалдык мүмкүнчүлүгү жетпей жаткан бир нече эжебизге демөөрчү болууда.
✨
КУРС АКЫСЫНЫН 50%ЫН ДЕМӨӨРЧҮ ТӨЛӨП БЕРЕТ!
Сиз калган 50%ын гана төлөп, Куран үйрөнүү курсубузга катыша аласыз.
📖
Эгер сиз да Куран үйрөнүүнү көптөн бери каалап, бирок жашоо-шартка байланыштуу акча жагынан кыйналып, окууну баштай албай жүрсөңүз, бул мүмкүнчүлүк сиз үчүн!
🤲
Аллах Таала демөөрчү эжебиздин бул жакшылыгын кабыл кылып, өткөн атасына сообун жеткирсин! Куран үйрөнүүгө кадам таштаган ар бир эжебизге жеңилдик берсин!
💌
Катышууну кааласаңыз, бизге жекеге жазыңыз +962 7 8124 0463

October 13, 12:24

https://www.instagram.com/reel/Debq5-4ClsK/?exln=MTg3NXl3ZHY1ZGZiMQ==
Каза намаздардын фарзын окуганда, аларды кыскартпай, намаздын эч бир амалын калтырбай көңүл буруп, намазды кандай толук аткаруу керек болсо, каза намаздарды да ошол тартипте аткарууга аракет кылуу зарыл.
Эсиңизде болсун: намазды каза кылуу — чоң жоопкерчилик. Андыктан аны жөн гана мойнубуздан милдетти алып салуу үчүн шашылыш, эптеп-септеп аткарып коюудан уялышыбыз керек. Анткени намаз — Аллах Таалага болгон кулчулугубуздун, ага баш ийүүбүздүн жана анын алдындагы жоопкерчилигибиздин белгиси.
Билип коюңуз: Аллах Таала сиздин намазыңызга муктаж эмес. Тескерисинче, сиз Аллахтын ырайымына, кечиримине жана хидаятына муктажсыз.
Эгер намазыңызды каза кылып алган болсоңуз, анда аны аткарууга мүмкүнчүлүк берилгенине шүгүр кылыңыз. Каза намазыңызды кайдыгерлик менен эмес, балким ыклас, урмат-сый жана жоопкерчилик менен окуңуз. Анын ар бир амалын мүмкүн болушунча толук аткарып, ибадатыңызга олуттуу мамиле кылыңыз.
Каза намазды аткаруу — жөн гана карыздан кутулуу эмес, Аллахтын алдындагы жоопкерчиликти сезүү жана Ага болгон кулчулукту урматтоо.
Аллах Таала баарыбызга намаздарыбызды толук жана ыклас менен аткарууну, өз убагында өтөөнү насип этсин. Аамин!
---
*W.I.S.E докторанты Сулайманов Орозбек Каары*\
*Амман шаары, Иордания*\
*13.10.2026*

October 12, 13:51

🌷
АЙЫМДАР ҮЧҮН КУРАНДЫ 0ДӨН ҮЙРӨНҮҮ ОНЛАЙН КУРСУ
🌷
Куран окууну нөлдөн баштап үйрөнүүнү каалаган айымдар үчүн атайын онлайн курс башталат!
🤍
📖
Курста 1-айда эмнелерди үйрөтүлөт?
• Араб тамгалары үйрөнүү
• Кошуп окуп каласыз
•
🥹
Экинчи айда Куран окуп машыгуу
⌛️
Курс эки ай болот
📅
Сабактар жумасына 3 күн
💻
Формат: онлайн
👩🏻
Айымдар үчүн гана
🎓
Сабак өтүүчү:
🇯🇴
WISE магистранты Абдыкамыт кызы Үмүт
✨
Куран окууну үйрөнүүгө ниет кылып, бирок эмнеден баштоону билбей жүргөн болсоңуз — бул курс сиз үчүн!
📩
Катталуу үчүн бизге жазыңыз +962781240463
Орундар чектелүү!
🌸

October 12, 12:18
Media unavailable
3
Show in Telegram

https://www.instagram.com/reel/DeZKi9gi1DB/?cplk=YnFtM2lpNGx5MWE1
🌿
ДЕН СООЛУК — БИЗГЕ БЕРИЛГЕН АМАНАТ
Ден соолук — Аллах Таала бизге берген баа жеткис немат жана чоң аманат. Кыямат күнү бул аманат тууралуу да сураларыбызды унутпайлы.
🍂
Суук түшүп, күндөр салкындай баштады. Андыктан ден соолугубузга өзгөчө көңүл буруп, аны сактоого кам көрөлү. Анткени ден соолук — ибадаттарыбызды аткарууга, пайдалуу илим алууга жана жакшы амалдарды кылууга мүмкүнчүлүк берген чоң байлык.
📖
Ден соолукка кам көрүү — бир гана денени сууктан сактоо эмес. Ал туура илим үйрөнүп, ошол илимге ылайык амал кылуу, денебиздин акысын берүү жана Аллахтын берген нематтарын туура пайдалануу менен да болот.
📚
Шариат суроолоруна жооп берет:
\
W\.I.S.E докторанты, Сулайманов Орозбек каары.
Катталуу үчүн: Айымдар тайпасы
🧕
\
https\://
chat.whatsapp.com/IicJ6y6pAbm6xA4q5ORexg?s=cl&p=a&mlu=4&ilr=4\
\
Мырзалар тайпасы
👳‍♂️
\
https\://
chat.whatsapp.com/D4oOcMs68bZ5xXL6TakHHx?s=cl&p=a&mlu=4&ilr=4

October 07, 09:05

October 07, 09:04
Media unavailable
1
Show in Telegram