
ИсламЖолу
ИсламЖолу
pinned «
🌙
АЙДЫН КИРИШИНДЕ ЖАНА ЧЫГЫШЫНДА АСТРОНОМИЯЛЫК ЭСЕПТӨӨНҮН ӨКҮМҮ Орозонун башталышын жана аякташын календарь менен кароо уруксатпы?
❓
СУРОО. Кээ бир Ислам өлкөлөрүндө орозо айынын, Шавваль же Зул-хижжа айларынын башталышын аныктоодо айдын көрүнүүсүнө эмес…
»
🌷
Өткөнгө кайгырба, келечектен коркпо
Аллах Таала мындай дейт:
﴿ أَلَا إِنَّ أَوْلِيَاءَ اللَّهِ لَا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ الَّذِينَ آمَنُوا وَكَانُوا يَتَّقُونَ لَهُمُ الْبُشْرَى فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَفِي الْآخِرَةِ ﴾
“Билип койгула! Чындыгында Аллахтын досторуна коркунуч жок жана алар кайгырышпайт. Алар — ыйман келтирип, такыба болгон адамдар. Алар үчүн дүйнө жашоосунда да, акыретте да сүйүнүч бар.”
(Юнус сүрөсү, 62–64-аяттар)
🌱
Аллахтын достору — ар бир такыба момун.
Алар келечектен коркушпайт, анткени ал дагы келе элек жана баары Аллахтын колунда.
Өткөнгө кайгырышпайт, анткени болгон бардык нерсе — Аллахтын тагдыры менен болду. Аллахтын каалоосу жана ар бир иште Анын улуу хикматы бар.
🤲
Демек, момун адамдын жүрөгү:
— өткөнгө өкүнүү менен сынбайт;
— келечек үчүн коркунуч менен кыйналбайт;
— Раббисине таянып, сабыр жана ыраазычылык менен жашайт.
💬
https://t.me/islamjolu/5086
Шейх Ибн Баз: "Гороскопко ишенүү - жахилия доорунун амалы. Ислам ошонун жалган экенин айтыш үчүн келди ж'а ал амал ширк экенин баяндады".
Такыбачылык деп -Алланын буйруктарын аткарууну ж'а Алланын тыюуларынан тыйылууну айтабыз.
Т-тын негизи
#илим
.
Илим алган сайын Т-к күчөйт.
Гороскопко ишенүү - Аллага ишенүүгө каршы келет. Бул чоң күнөө.
islamjolu.kg
сайтында жаңы макала:
https://t.co/Sv7HSsDZlr
❓
Израил менен болгон согуштан ПАЛЕСТИНА ЭМНЕ ТАПТЫ
❓
2023-жылдын 7-октябрында палестиналык ХАМАС кыймылы Израилдин территориясына ракета атып, жакынкы шаарларына басып кирген. Натыйжада 1200 израилдик киши өлүп, 253 киши туткунга алынган.
Эртеси 8-октябрь Израил ХАМАСка каршы жөн эле операция эмес, бирок толук кандуу согуш жарыялайт. Израилге кол салгандарды түп тамыры менен жоготуп, туткундагыларды азат кылуу максатын көздөйт.
Ошондон баштап Израил аскер күчтөрү абадан да, жерден да Палестинанын Газа тилкесине күнү-түнү чабуулун токтотпойт: асмандан бомбаларды жаадырып турат, жерден аскерлери тинтүү-тазалоо операцияларын жүргүзүп турат. Адамдар жашаган үйлөр, мектептер, ооруканалар, жолдор талкаланат. Хамастын мүчөлөрү адамдар жашаган райондордо да жашынып жүрүшөт, алардын ошол жерде уюк-пунктары бар деген божомол менен тынч жаткан калктын үстүнө бомбаларды түшүрөт.
Бул Палестина-Израил конфликти тарыхта эң ири деп каралды.
Согуш иштери азыркыга чейин уланып келүүдө.
❓
Бул согуштан Палестина эмне тапты?
🇵🇸
Аналитикалык макала
👇
👇
👇
https://islamjolu.kg/3819-палестина-израил-согушу-2023-2025
Наристе суйлогонду уйронгондой эле, чонойгон киши да ЖАКШЫ гана создорду суйлогонду УЙРОНСУН. Ал учун сабыр, илим, даанышмандык к-к