Выберите регион
и язык интерфейса
Покажем актуальные для региона
Telegram-каналы и возможности
Регион
avatar

АКЫРЕТКЕ ДАЯРДЫК🕌🕋

Akyretke_daiardyk
Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу ☝🏻 ❤️ 📖 Куран аяттар 🕋 Хадистер 🕌 Сүннөт амалдар ⚡️ Баяндар 📲 👨‍👩‍👦 ✔️ Диний маалыматтар 📷 Өзүм тарткан видео сүрөттөр КАНАЛГА КАТТАЛЫП, ДҮЙНӨЛҮК ЖАНА, АКЫРЕТТИК ПАЙДА АЛЫҢЫЗДАР
Подписчики
4 450
24 часа
30 дней
-110
Просмотры
439
ER
10,2%
Посты (30д)
25
Символов в посте
478
Инсайты от анализа ИИ по постам канала
Категория канала
Религия и духовность
Пол аудитории
Женский
Возраст аудитории
25-34
Финансовый статус аудитории
Средний
Профессии аудитории
Образование
Краткое описание
March 11, 10:28

УЧУРДА КАЙСЫ ЖЕРДЕ ЖАШАП ЖАТАСЫЗ ОШОЛ ЖЕРДЕ ТУРГАН КАНАЛДАРГА СӨЗСҮЗ КАТТАЛА КЕТИҢИЗ, СИЗГЕ КЕРЕКТҮҮ КАНАЛ СӨЗСҮЗ АРАСЫНДА БАР
😇
🫂

March 02, 09:54

КАЙСЫ ТҮСТҮ ЖАКШЫ КӨРСӨҢҮЗ ОШОЛ ТҮСТӨГҮ ЖҮРӨКЧӨНҮ БАСЫҢЫЗ Ж.А АТАЙЫН СИЗ УЧУН ТУЗУЛГОН КАНАЛЛАРГА КАТТАЛЫП АЛЫҢЫЗ
🫶🏻
🥰

March 01, 16:53
Файлы недоступны
1
Открыть в Telegram

МЕЧИТ, МЕДРЕСЕЛЕРГЕ ЗЕКЕТ БЕРСЕ БОЛОБУ?. Орозо 110-сабак. (Зарыл сабак) ШЕЙХ ЧУБАК АЖЫ.
Телеграм каналга кошулууңуз!
https://t.me/Akyretke_daiardyk

March 01, 16:51
Файлы недоступны
1
Открыть в Telegram

КОЙДОН ЗЕКЕТ КАНТИП БЕРИЛЕТ?. ОРОЗО 109-САБАК. (Зарыл сабак) ШЕЙХ ЧУБАК АЖЫ.
Телеграм каналга кошулууңуз!
https://t.me/Akyretke_daiardyk

March 01, 16:50
Файлы недоступны
1
Открыть в Telegram

УЙДАН КАНТИП ЗЕКЕТ БЕРИЛЕТ?. ОРОЗО 108-САБАК. ( Зарыл сабак). Шейх Чубак ажы.
Телеграм каналга кошулуу
https://t.me/Akyretke_daiardyk

February 23, 14:12
Файлы недоступны
1
Открыть в Telegram

https://t.me/Akyretke_daiardyk

February 21, 12:47

*
🔴
РАМАЗАНДЫН ОТУЗ КҮНҮНДӨ ОТУЗ ДУБА*
*2-ДУБА: ЖУБАЙЛАРДЫН МАМИЛЕСИН БЕКЕМДӨӨЧҮ ДУБА*
*Арабчасы:*
رَبَّنَا هَبْ لَنَا مِنْ أَزْوَاجِنَا وَذُرِّيَّاتِنَا قُرَّةَ أَعْيُنٍ وَاجْعَلْنَا لِلْمُتَّقِينَ إِمَامًا
*Транскрипциясы:*
«Роббанаа хаб ланаа мин азваажинаа уа зурриййаатинаа куррота аъйуниу-важъалнаа лил муттакыина имаамаа».
*Кыргызча мааниси:*
_«Оо, Раббибиз! Бизге жубайларыбыздан жана урпактарыбыздан көзүбүздү кубанта турган (жакшы адамдарды) тартуула жана бизди такыбаларга (үлгү боло турган) жол башчы кыл»._ (Фуркан сүрөсү, 74-аят)
 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄
Бул дуба үй-бүлөлүк бакыттын жана келечектин негизин камтыйт. Аяттагы ар бир сөздүн мааниси өтө терең:
*•  «Жубайларыбыздан жана урпактарыбыздан»:* Бул жерде адам өзүнүн гана эмес, өмүрлүк жарынын жана келечектеги балдарынын, неберелеринин түз жолдо болушун суранат. Үй-бүлө — коомдун өзөгү, ошондуктан дуба ушул жерден башталат.
*•  «Көздүн кубанычы» (куррота аъйун):* Араб тилинде бул термин адамды абдан бактылуу кылган, ичине тынчтык орноткон нерсени түшүндүрөт. Ата-эне үчүн баласынын адептүү, ыймандуу жана ийгиликтүү болушу — эң чоң көз кубанычы. Демек, бул дуба балдарыбыздын бизге күйүмдүү жана коомго пайдалуу болушун тилөө болуп саналат.
*•  «Такыбалар үчүн жетекчи кыл»:* Бул жерде «жетекчи» (имам) болуу — бийлик талашуу эмес, тескерисинче, жакшылыкта башкаларга үлгү болуу дегенди билдирет. Башкача айтканда, «мени жана менин үй-бүлөмдү башкалар суктана тургандай, алар бизден үлгү ала тургандай такыба кыл» деген тилек.
_Бул дубаны үй-бүлөлүүлөр ынтымак жана балдардын келечеги үчүн, ал эми бойдоктор келечектеги жакшы түгөй жана салих перзенттер үчүн окушса абдан жакшы._
═══════════
https://t.me/Akyretke_daiardyk

February 19, 13:43

Кайсы айда төрөлгөн болсоңуз ошол айды басып, атайын сиз үчүн түзүлгөн каналдарга кошулуп жетишип калыңыз
🤗
🥳
🥰

February 19, 05:51

🔴
РАМАЗАНДЫ КАНТИП ӨТКӨРҮҮ КЕРЕК
(Күнүмдүк режим)
❒ Таң атканга чейин
– Орозо кармоону жүрөктөн ниет кылыңыз.
– Түндүн акыркы үчүнчү бөлүгүндө тахажуд намазын окуп, андан соң дуба кылып ой-тилектериңизди Аллахтан сураңыз, күнөөлөрүңүз үчүн тообо кылыңыз.
– Саарлыкта жакшылап тамактаныңыз жана көбүрөөк суу ичиңиз.
❒ Күндүзү
– Беш маал намазды сүннөттөрү менен кошо өз убагында окуңуз. Эркектер үчүн намазды мечитте, ал эми аялдар үчүн үйдө окуганы жакшы.
– Куран окууга көбүрөөк убакыт бөлүңүз. Маанисин терең түшүнүү үчүн Курандын түшүндүрмөсүн (тафсир) же котормосун окуңуз.
– Аллахты көп зикир кылыңыз. Айрыкча намаздан кийинки, таңкы жана кечки зикирлерди калтырбай айтыңыз.
– Таравих намазга сергек туруу үчүн түштөн кийин 1 сааттай уктап алыңыз.
– Сүннөттө келген арабча дубаларды маанисин түшүнүү менен жаттаңыз жана дуба кылганда ошолорду айтыңыз. Ошондой эле пайгамбарыбызга салават айтууну эстен чыгарбаңыз.
– Күнөө иштерден болушунча алыс болууга аракет кылыңыз.
– Ыйман тууралуу сабактарды угууга жана китептерди окууга аз болсо да убакыт бөлүңүз.
*❒ Ооз ачарда
– Оозду так сандагы курма менен ачыңыз, курма жок болсо суу менен ачыңыз. Ашыкча тоюудан сак болуп, пайдалуу тамак-аштардан жеңиз.
– Туугандарга ооз ачырыңыз, бул туугандык мамилени бекемдөөгө себеп болот.
– Ооз ачардан алдын чын жүрөктөн дуба кылыңыз, Аллахтан күнөөлөр үчүн кечирим, Анын коргоосун, ырыскынын молдугун, дегеле эки дүйнөдөгү жакшылыктарды сураңыз.
– Ооз ачкандан кийин көбүрөөк суу ичиңиз.
*❒ Кечинде*
– 20 рекет таравих намаз окуңуз. Эркектер үчүн намазды мечитте, ал эми аялдар үчүн үйдө окуганы жакшы. Эгерде витир намазды мечитте окуй албай калсаңыз, анда үйгө келгенде сөзсүз окуңуз.
– Эрте жатууга аракет кылыңыз. Жатардан алдын даарат алыңыз, жатарда айтылуучу дубаларды сөзсүз окуңуз. Бул саарлыкка сергек ойгонууга жардам берет.
⚠️
Эсиңизде болсун, Аллахтын алдында чын ыкластан кылынган иштер гана кабыл кылынат. Ошондуктан ар бир ишти Анын ыраазылыгы үчүн гана кылуу керек. Орозону арыктоо үчүн же башка дүйнөгө байланышкан максатта эмес, Аллахтын ыраазылыгы үчүн гана тутуңуз.
Ушул берекелүү жана куттуу Рамазан айында кылган ибадаттарыңызды Аллах кабыл кылсын, акыретте толук сыйлыктарга жеткирип, бейишке кирүүнү баарыбызга насип этсин.
https://t.me/Akyretke_daiardyk

February 19, 00:19
Файлы недоступны
2
Открыть в Telegram

🌙
РАМАДАН МУБАРАК