Выберите регион
и язык интерфейса
Покажем актуальные для региона
Telegram-каналы и возможности
Регион
avatar

Дилимдеги🌾

payazok

Ассолату Хойру Мин Аннаум
🌙

Подписчики
828
Просмотры
319
ER
37,5%
Посты
604
October 20, 10:15
Файлы недоступны
2
Открыть в Telegram

May 16, 09:52
Файлы недоступны
3
Открыть в Telegram

May 04, 21:16

СУКТАНАМ
Өзгөчөсүн, мыкты адам,
Өзүң менен суктанам.
Эрке жарым бол менин,
Эч жанымдан чыкпаган.
Жалжалым -деп, ырдайын,
Жаркыраган нурдайым.
Жандап менин жанымда,
Жалгыз өзүң жүр дайым.
Чертип жүрөк кылдарын,
Чер жазышып жүр жаным.
Кымындай да, сүйүүңө,
Кыянаттык кылбайын!
"Ким сүйчү эле сени"- деп,
Кир жүрөктөр демигет.
Кыйнап сени, мен антип,
Кызганбаймын жөнү жок.
Тагдырлашым бол гүлүм,
Таалайыбыз оң бүгүн.
Тамаша айтсам чычалап,
Таарынганды койгунуң.
Жагып калдың чырагым,
Жүрөгүмдөн сурагын.
Ойрон кылбай сүйүүмдү,
Ойло жаным убалын.

April 15, 16:54
Файлы недоступны
2
Открыть в Telegram

🌾
Алла Таала никени жер бетинде адамдарды таркатуу,  тукумду улантып, коомду бузукулуктан, зынадан сактоо үчүн жараткан. Жана ошондой эле Жараткан Алла Таала жубайлардын ортосундагы мамилени дагы бийик, назик кылып, ынтымактын, сүйүүнүн жана мээримдин үстүнө тургузду.
Алла Таала Курани Каримде айтты: “Ага байыр алууңар үчүн өзүңөрдөн жубай жаратып, ортоңорго махабат жана мээримдүүлүк берип койгону да Анын белгилеринен”
📚
(Рум, 21).
🌾
БАКТЫЛУУ ЖУБАЙ

April 13, 17:10

Үйлөнгөндөр, үйлөнө электерге жана үйлөнүүнү каалагандарга.
(Ойлондурган, пайдалуу окуя)
Жигит үйлөнөт. Атасы куттуктап, батасын берип, анан барак, калем жана өчүргүч алып келүүсүн суранат.
- Эмне үчүн? - жигит таңдана сурайт.
- Алып келе бер, - дейт атасы, сырын чыгарбай.
Кагаз менен калемди алып келип, өчүргүч жок экенин айтат.
- Таап келе кал. - дейт атасы.
Жигит көчөгө чыгып өчүргүч сатып келет.
- Жаз! - дейт атасы.
- Эмнени жазайын?
- Каалаганыңды жаз.
Жигит бир сүйлөм жазат.
- Өчүр! - дейт атасы.
Жигит өчүрөт.
- Кайра жаз! - дейт
Чыдабаган жигит сырын сурайт.
- Жаз! - деп кайталайт атасы, олуттуу.
Жазат... дагы өчүрөт.... кайра жаздырат.... кайра өчүртөт. Бир канча жолу кайталагандан кийин атасы сурайт:
- Барагыңдын бети дагы эле актай турабы?
- Ооба, Кайра - кайра өчүрүп жатсам...?!
- Оп баракелде, - атасы уулунун далысына таптайт.
- Кептин төркүнү мына ушунда, сен бүгүн үйлөндүң. Эми көкүрөгүңдө дайыма "өчүргүчтү" ала жүр. Эгерде аялыңдын кээ бир кемчиликтерин, жаман жорук-жосунун дароо көңүлүндөн өчүрүп салбасаң, бат эле киргем толуп, жакшылыгын жазчуудай орун табылбай калат. Аялыңда да ушундай "өчүргүчү" болууга тийиш. Мына ошондо гана силердин көкүрөгүңөр актай болуп, жакшылыкты жазганга орун табылат. Болбосо эр-аялдын "барагы" бат эле кирге толуп калышы турган кеп....
Эгер жашооң бактылуу, ырыс-кешиктүү болуусун кааласаң, "өчүргүчтү" дайыма ала жүр. Кимдир бирөөнүн жаман мамилесин, кемчилигин көрсөң, дароо Өчүр. Таза жаша, ак кагаздай таза бол, жашоонун мааниси ушул "ӨЧҮРГҮЧТӨ"

April 12, 16:44

🫀

April 12, 16:43

Кээде бир нерсеге жетүү өтө эле кыйын болуп кетет.
Кудум болбой турган иштей сезилип. Тоскоолдуктар болот. Зынаа кылуу женил сезиле тушөт. Бирок сиз күткөн сабрдын артынан келе турган бактылуукту сиз элестете дагы албайсыз.

April 11, 06:25
Файлы недоступны
3
Открыть в Telegram

April 11, 06:25
Файлы недоступны
3
Открыть в Telegram

April 10, 18:05

Жүрөктүн сыгылып жатканы бар. Истигфар айтып олтурамын.
Мен ойлойм сиздерде баары жакшы деп, жакшы сөздөрдү жазбай кеттим. Бул акылымдын өзү азайып баратканынанбы же эс кирип баштаганынанбы, айтор белгилүү бир жообум деле жок.
Жөн гана мокоп калган бычактай өзүмдү жазып жатып максатсыз,маанисиз жашаган бир инсандын кейпинде сезинип кетип турам.
Менин жашоомдо Алла менен болгон мамилем алсыраган сайын курчтугум жоголуп,зээним алсырап кадимки кайдыгерлик оорусу менен ооруган кишинин абалында болом да калам. Жазганда гүлдөгөн жаным, жазууларсыз суу жетпей калган чөл сымал бирин-серин соккон шамалга ыргалган дарактарга ыраазы болуп коюп күн өткөрүүдө.
Бул каналдын бар экени,аны окуган сиздердин бар экениңиздер кандай сонун)
Кээ бириңиздер жүзүмдү көрбөсөңүздөр да жан дүйнөмдүн абалына күбө болуп, жакын көрүп жакшылык тилеп, жылмайып коюп жаткан чыгарсыздар…
Бар болуңуздар,түндө тынчыңыздарды алган эргүүм менен жактырам сиздерди)