Select your region
and interface language
We’ll show relevant
Telegram channels and features
Region
avatar

Дил азык🌾

dil_azyk
Рустам Абилов 🇰🇬
Subscribers
3 320
24 hours
30 days
-50
Post views
1 416
ER
42,65%
Posts (30d)
11
Characters in post
438
Insights from AI analysis of channel posts
Channel category
Other
Audience gender
Mixed audience
Audience age
-
Audience financial status
Mixed
Audience professions
Others
Summary
-
June 06, 05:47
Media unavailable
1
Show in Telegram

Урматтуу, айымдар жана эже-сиңдилер!
🌸
«Ихсан кербени» кайрымдуулук фонду сиздерди 7-июнь күнү саат 12:00дө өтүүчү «Аялдын коомдогу орду» аттуу мазмундуу жана таасирдүү иш-чарага чакырат!
📍
Ош улуттук драм театр
Иш-чаранын алкагында:

Жарманке

Спикерлерден баяндар

Диний суроо-жооптор

Белектер

Жоолук салуу аземи

Жагымдуу жана жылуу атмосфера
Аялзатынын коомдогу орду, баалуулугу жана тарбиядагы мааниси тууралуу пайдалуу маек, жакшы маанай жана эсте каларлык көз ирмемдер сиздерди күтөт! Билет сатып алуу менен бирге кайрымдуулукка салып кошуп, жан дүйнөңүзгө да руханий азык алып, көңүл ачып кетиңиз.
🥰
Келиңиздер , бирге пайдалуу убакыт өткөрөлү!
🌷
Билеттер боюнча менеджер
0555842695 Үпөл.

June 04, 16:16

Көөдөн ооруп, көңүл тартпай турганда,
Көңүл эзип, киши эсинде булганба.
с.Рустам Абилов
#Дилазык
🌾

May 31, 19:08

Уйку жоктугунан эмес, ой көптүгүнөн уктай албаган адамдар бар. Баары бүдөмүк ойлор. Ойлорун ирээттей алган адам - эң күчтүү адам болсо керек. Кээде 2-3 мүнөткө көзүм сүзүлүп, куш уйкуга кетем. Ошол 2-3 мүнөт аралыгында эле бир канча узак түштөрдү көрүүгө жетишемин. Ушул нерсеге таң каламын. Бул ойдун көптүгүнөнбү же? Айтор билбейм…

May 24, 07:19

Жараткан Зат инсандар арасында мени да сүйөт деп үмүт кыламын. Жана ал зат менден да катуураак сүйгөн адамдары болгону үчүн Роббимди кызганамын.
с.Рустам Абилов
#Дилазык
🌾

May 24, 07:09

Үй-бүлө маселеси чоң маселе. Азыр баш кошкон жаш үй-бүлөлөрдүн жыл айланбай ажырашуунун жибин аттагандары болуп жатат. Маселе көп. Бир алакандан добуш чыкпайт дегендей, эки тараптан тең көп каталар кетип калат. Жөнөкөй бир мисалдар.
- Кыз кайын журтта болуп жаткан баардык нерселерди үйүнө жеткирүү.
– Кыздын апасынын: "Кызым, бир жериңди кысып жаша. Ошол үйдөн өлүгүң гана чыксын"- дегендин ордуна, "Өлүгүңдү көргүр ошондой дедиби, анан, анан эмне деди? Баш ийбе, айтканын кылба! Мындай десе мындай де, тогуз ай курсагыма баткан, үйүмө батпай каласыңбы "- дегени.
- Жигиттин аманатына алган келинчегин өз жакындары менен жакындаштырып, бир-туугандай мамиледе кыла албоо саясаты.
– Жигиттин өз аялынын кемчилигин жашыргандын ордуна аны апасына, эже, жеңелерине айтуусу.
– Ортодо түшүнүшүп, турмушту улоонун ордуна эки жолго түшүп, бири-бирине чыдагысы келбей ажырашууну эп көргөн акылсыз эки жаш.
Деги эле көйгөй көп дегилечи.
Бирөөнүн турмушуна бирөө бир нерсе дей албайт. Себеби жашаган адам гана билет. Ар кимдики өзүнө туура дегендей.
Бирок, бир маселе. Канткен күндө да ажырашууну алгачкы эмес, акыркы орунга койгон жакшы. Ажырашпай жашоого аракет кылыңыздар урматтууларым. Ошону эле айткым келгени.
Бир үй-бүлө бүтүн болсо, бир өлкө бүтүн болот. Бүтүн үй-бүлөдөн бүтүн балдар төрөлүп, бүтүн үй-бүлөлөрдү түп
т
өйт. Бүтүн бололу, ажырабайлы.
с.Рустам Абилов
#Дилазык
🌾

May 24, 07:00

Аялдан коркуу, ага отчёт берүү, анын айтканын кылуу..

Аялды сыйлоо, анын аманат экенин, назик жан экенин, аны коргой турган, колдой турган ар дайым бирөө бар экенин, анын ою да мааниге ээ экенин, анын да өз ою бар бир жан экенин билдирүү.
Аял менен кеңеше калсаң эле ал байкуш өзүн Дама козр сезип кетпейт. Ал болгону ага көңүл бурулуп жатканын, анын сезими, ою да бир мааниге ээ экенин сезет. Акыр аягында барибир эле күйөөсүнүн айтканын туура көрүп, ошол чечимге ынанып, колдоп кирет.
Коомдо кээ бир эркектер аялдын "мени да адам ордунда көрүп койчу, сезимим менен эсептешип койчу"- деп айткысы келген сөздөрүн башкача таризде жеткирсе, түпкүрүн түшүнбөй эле көп ызы чуу чыгарат берет. А, чынында аялдын сага эс үйрөтөйүн, акыл айтайын деген ою жок. Анын колунан келген бар иши; эркелөө, жылуу сөз, бир жылуулук, көңүл буруу күтүү. Болгону ошол сөздөрдү ар кандай темпте, ар кандай эмоция менен, ар түрдүү сөз менен жеткирип алат.
с.Рустам Абилов
#Дилазык
🌾

May 17, 18:11

Сүйүү – бул, камкордук. Сүйгөн адам аяйт, аярлайт, бооруна кысат, мээримине бөлөйт.
с.
Рустам Абилов
#Дилазык
🌾

May 17, 18:09

Түндөсү кыбырап, тырык-тырык деген үн чыгарып, ашкананын чырагын жагып алып түн уйкуңду качырган, көзүңдү ушалап чыксаң курсагы ачып, бир нерселерди термелеп жеп жүргөн, кош кабат аялдан да таттуурак жан барбы бул ааламда.
с.
Рустам Абилов
#Дилазык
🌾

May 17, 18:06

Инсандардын даражасы Жараткандын алдында канчалык экенин көрө албаганыбыз өкүндүрөт. Эгер көрө алганыбызда - биз такыр башка адамдар менен мамиле кылууга тырышмакпыз.
с.
Рустам Абилов
#Дилазык
🌾

May 17, 18:04

Кээде инсандын бир дубасы кабыл болот. Анан ал купуя кылып жүргөн дубам кабыл болду деп ойлойт. А бирок ошол эле дубаны бир канча адам жасап жүргөнүн билбейт.
с.
Рустам Абилов
#Дилазык
🌾