Выберите регион
и язык интерфейса
Покажем актуальные для региона
Telegram-каналы и возможности
Регион
avatar

Дил азык🌾

dil_azyk
Рустам Абилов 🇰🇬
Подписчики
3 183
24 часа
3
30 дней
-49
Просмотры
1 021
ER
32,08%
Посты (30д)
10
Символов в посте
494
Инсайты от анализа ИИ по постам канала
Категория канала
Прочая
Пол аудитории
Смешанная аудитория
Возраст аудитории
-
Финансовый статус аудитории
Смешанный
Профессии аудитории
Прочие
Краткое описание
-
September 01, 03:22
Файлы недоступны
1
Открыть в Telegram

Бирөө айтты:
– Аялыңдан коркосуң ээ?
А мен болсо:
– Такыр коркпоймун. Аманат болгону үчүн аярлайм, өзүнүн өмүрүн мага багыштаганы үчүн урматтайм, мага кылган кызматы үчүн кадырлайм. Мен сүйгөндөрдү сүйгөнү үчүн жана мени сүйгөнү үчүн сүйөм.
с.Рустам Абилов
#Дилазык
🌾

September 01, 03:18

Тез тиер кездери бир нерсени түшүнө алчу эмесмин. “Эмне үчүн мектепте баардык мугалимдерге жагамын да, канча жакшы окуучу болууга тырышпайын 1-2 мугалимге такыр жакпаймын?”- деп. Кийин кээ бир дос-жарлардан да ушул маселе кыйнай берчү. “Эмне үчүн баары жакшы көрөт да, канча жакшы мамиле кылба кээ бири жактырбайт?”- деп. А көрсө баарына бирдей жагууга милдеттүү эмес экенсиң. Ошондой эле баары сени жакшы көрүүгө да милдеттү эмес. Ыраматылык Чубак ажы айткандай: “Сен ага кыжаалат болуп эмне кыласың, сени жакшы көргөндөр менен жүрө бер,”- дечү. Анан дагы “кызыл ашыгымдан да келбейт”- деген сөзү да кыйла жүктөн арылтат. Деңгээли төмөндөргө теңелүү – кайра өсүп чыккан жагыңа кайтуу. А бул бизге керек эмес. Ордубуз жок жерден орун сурабайбыз. Керегибиз жок жерден кетебиз. Сыйлагандарды сыйлайбыз, урматтаганды урматтайбыз. Бизди тааныгандарды биз таанып, бизди жакшы көргөндөрдү биз да жакшы көрөбүз.
Жаман көргөндөрдү болсо, ойлоп да койбойбуз. Андайларды жаман көрүүгө деле татыксыз.
🙌🏼
с.Рустам Абилов
#Дилазык
🌾

September 01, 02:32

Сенден эч нерсесин аябаган жалгыз адамдар- бул, ата-энең.
с.Рустам Абилов
#Дилазык
🌾

August 21, 16:03

“Эч болбосо кеч болсун”- деп, биз жубайым экөөбүз да Ысык-Көлгө жолго аттандык буюрса. Саякатка даярдануу, үйдөн эки рекет сапар намазын окуп алып жолго чыгып кетүү да өзүнчө башкача сезим. Көлдүн табияты укмуш эмеспи. Көзүм тойгончо сүйүп, жүрөгүмдү эс алдырып келейин.

August 21, 16:00

Бүгүн куттуу күн болду. Бир жагынан жуманын берекети, экинчи жагынан пайгамбарга кесиптеш болгон, мугалимдер үчүн арналган иш-чарабызды эң жакшы деңгээлде өткөрүп алдык. Ыктыярчы керек деп ушул жакка жаздым эле, ушул жактан кайрылып, атайын алыстан келип, тик аякта туруп кызмат кылып кеткен ини-карындаштарыма, досторума өтө терең ыраазычылык билдирем.
Бар болгула алтындарым. Ылайым мартабаңар бийик болсун.
🤲🏼

August 18, 17:39

Урматтуулар, 21-август күнү Көк-Жар айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө жалпы өкмөткө караштуу 12 мектептин мугалимдерин чакырып, чоң бир иш-чара өткөрүү алдында турамын.
Фонддун ишмердүүлүгүн эми баштаганыма байланыштуу, азыр каникул болуп жатканынан улам азырынча ыктыярчы кыздар, балдарым жок.
Ошондуктан мага 21-август күнү саат 9:00 дөн, болжолдуу 14:00 дөргө чейин мени менен кошо кызмат кылышканы ыктыярчы 2 жигит жана 2 кыз керек. Эч кандай оор жумуш жок. Келгендерди тосуп алып, киргизип, жигиттер болсо сахнадагы нерселерди ары-бери көзөмөлдөшүп турса болгону.
Анан дагы мобилограф керек. Төлөп берем деп айта албаймын, бирок аракет кыламын. Кызматка даярмын дегендер болсо, ушул аймакка жакын болсоңор
@abiloow
жекеден күтөм.
Дайындалган ишин берилүү менен аткарып, өзүнө тыңыраак, бат сөз табыша алгандар болсун.

August 15, 07:56

Жаңылуу- бул, жаңыланбай коюу.
с.Рустам Абилов
#Дилазык
🌾

August 14, 20:02

Келинчегим мени такыр тааныбай туруп турмушка чыкты. Атүгүл атымды да, китебимди да такыр уккан эмес. Тойдон кийин “Каректен аккан көз жаш” китептердин арасында турду. Кээде айтып коём:
– Кантип жолдошуңдун жазган китеби сага кызык эмес?
– Мен алгач сизди окуп алайын, кийин китебиңизди окуймун,- деп жүрдү. Арадан убакыт өтүп китепти окуп калды. Үйгө келсем табышмактуу карап, табышмактуу суроо узатты:
– “Табышмактуу кыз” повестиндеги кыз ким?
– Эч ким, ойдон чыгарып жазгам да. Китепти окуп бүттүңбү?
– Жок, “Ыйманга келген кыз” дегени калды. Хамза дейин десем анын ата-энеси жок, турмуш жолу сиздикине окшошпойт экен. Ал мейли. Бирок Усман деген каарман дал эле сиздей болуп жатат. Зилнурдай бир кыз өттү беле башыңыздан?- деп бакырая караса, токтоно албай күлүп кирдим.
– Ыйманга келген кызды окусаң, анан аягында тыянак чыгарасың.
– Жок эй, болду! Окубаймын. Андан дагы толтура суроолор жаралып кетпесин,- дейт. Ошентип 3-повестти окубай койду.
А сиз кандай ойлойсуз? Табышмактуу кыз реалдуубу?
👇🏼

August 14, 19:07

– Мүрзөнү жек көрөм.
– Эмнеге?
– Ал жакта сөөктөр бар, коркунучтуу.
– Сүйгөн адамыңдан айрылып көрө элек экенсиң анда. Сүйгөн адамың мүрзөгө коюлганда, сен үчүн мүрзө да жүрөгүңдүн бир бөлүгүнө айланып калат.
с.Рустам Абилов
#Дилазык
🌾

August 14, 18:59

Үйлөнгөндөн бери телеграмм каналыма анча жазбай калдым. Мунун себеби эмнеде деп анализ жүргүздүм. 2022-23-24-жылдары аябай көп жазчу экен элем үстүн карап чыксам. Анан эле чолок акылым бир пикирге токтолду. А көрсө, мен көп ойлонбой калыптырмын. Бойдок кезде ой үстүнө ой болуп жүрөт экенсиң. Жүрөгүң тынчтыкта эмес, болочогуң белгисиз, кандай адамга үйлөнөрүң туңгуюк. Анан ошол адамды элесиңде ар түрдүүчө элестетип көрүп олтуруп, сөздөн сөз чыгып көп нерсе жазыла берчү экен эле.
Азыр жазайын десем эле жубайыма байланыштуу бир нерселер оюма келе берет. Ар эки сөзүңдүн үчөөсүн эле антип жаза берүү да туура келбей калат.
Андыктан алдыда буюрса; күнүмдүк, өзүм сабак алган, өзгөгө да сабак болчу окуялардан сүрөттөп берип турайын.
Жалпысынан Ас саламу алейкуму дилдештерим.
✋🏼