Select your region
and interface language
We’ll show relevant
Telegram channels and features
Region
avatar

♡Жашоонун жаркын түстөрү📜🕊

jannat_kg
《пайдалуу кеп-кеңеш; 🍃 🕊 》 《китептеги асыл ойлор; 🍃 🕊 》 Автордук сөздөр 🍃 🕊️ © Токталиев Орозбек
Subscribers
5 600
24 hours
10
30 days
-170
Post views
1 583
ER
0,29%
Posts (30d)
5
Characters in post
261
December 02, 07:43

♡Жашоонун жаркын түстөрү
📜
🕊
pinned a video

December 02, 07:07

Күндөр өтүп, эсиме келесиң сен,
Себебин билесиңби эмнеликтен.
Сен кеткенде жылмайып кала бергем,
Деңиздин толкунундай термелип мен.
Сен ошондо айттың мага, кечир дедиң,
Ошондо эле сага айткам кечиргеним.
Унчукпастан сени анан кечирдим да,
Мен өзүмдү эч качан кечирбедим.
Сен бар кезде өмүрүм толукталган,
Сен жок кезде ичке арман толуп калган.
Сен экөөбүз коштошкон күндөн бери,
Жүрөк байкуш оорукчан болуп калган.
Бул өмүрдө сен деп соккон жүрөктү,
Неге мынча жек көрөсүң түшүнбөйм.
Балким мени унуткансың чын эле,
А мен сени жүрөгүмдөн түшүрбөйм.
Ачылбек уулу Нурзаман

November 23, 09:34

🍁
Эгер бирөөнүн кайгысы сени да ойлонткон болсо
билгин, анда сен адамсың, а эгер жүрөгүң менен сезсең тирүүсүң...
🍁
Эгер өзүңдөн башка адамдардагы сулуулукту да көрө билсең —
билгин, жүрөгүң таза, ички дүйнөң нурлуу экен.
🍁
Эгер бир туугандыкты, достукту баалап, байланышты сактай билсең —
билгин, дайыма жалгыз эмессиң, жарык жолдо болобу, караңгы күндө болобу сени коргооп, колдоочу болот.
🍁
Эгер өзүңдөн башкаларга да чын ыкластуулук менен жакшылык кылып, дуба кыла алсаң —
билгин, анда сенин пейилиң кенен, жүрөгүң ичи тардык, көралбастык оорулардан алыс. Мындай инсандар дайыма периштелердин дубасында болот.
🤲
Дайыма Тирүү Зат болгон, тирүүлүктө тирүү болуп жашоону насип кылган Раббыма шүгүрлөр деп, тирүүлүктү баалап, Аллахты улуктоо менен, моюн сунуп тирүү болуп жашайлы

November 16, 02:38
Media unavailable
3
Show in Telegram

November 11, 02:04

Сен мага ушунчалык жагасыңда,
Көктөгү жылдыздардай жанасыңда.
Экөөбүз бир болбойбуз аттиң дүйнө,
Жүрөкө арман болуп каласыңда.
🫠

November 08, 16:49

Жашоо сени сындырыш үчүн эмес, чыңдаш үчүн берилген.
Кайсы жерде куладың – ошол жерде туруп калыш эмес, кайра туруп кетүү маанилүү.

November 05, 03:58

Сени чын сүйгөн адам сенден кеткени миң себеп турсада, сенин жаныңда калууга бир себеп издеген адам
🤍

November 01, 02:17
Media unavailable
3
Show in Telegram

October 29, 18:12
Media unavailable
3
Show in Telegram

October 22, 09:36

Оңдош үчүн ааламды,
Оңдош керек адамды.
Оңдош үчүн адамды,
Ойлош керек аялды.
🫠