
♡Жашоонун жаркын түстөрү📜🕊
♡Жашоонун жаркын түстөрү
📜
🕊
pinned «
Техникалык кыйынчылыктардын себеби менен каналды кайрадан түзүү керек болду. Келечекте ушундай маселелерди кайталанбаш үчүн эми каналдын актуалдуу шилтемесин гана биздин бот аркылуу ала аласыз. Эски канал эми иштебей калды жана жок кылынышы мүмкүн.
»
Техникалык кыйынчылыктардын себеби менен каналды кайрадан түзүү керек болду. Келечекте ушундай маселелерди кайталанбаш үчүн эми каналдын актуалдуу шилтемесин гана биздин
бот
аркылуу ала аласыз. Эски канал эми иштебей калды жана жок кылынышы мүмкүн.
♡Жашоонун жаркын түстөрү
📜
🕊
pinned «
Техникалык кыйынчылыктардын себеби менен каналды кайрадан түзүү керек болду. Келечекте ушундай маселелерди кайталанбаш үчүн эми каналдын актуалдуу шилтемесин гана биздин бот аркылуу ала аласыз. Эски канал эми иштебей калды жана жок кылынышы мүмкүн.
»
Техникалык кыйынчылыктардын себеби менен каналды кайрадан түзүү керек болду. Келечекте ушундай маселелерди кайталанбаш үчүн эми каналдын актуалдуу шилтемесин гана биздин
бот
аркылуу ала аласыз. Эски канал эми иштебей калды жана жок кылынышы мүмкүн.
🔹
Бул дүйнө жашоосу өтө кыска жана бир эле жолу берилет. Анда да кайгыруу үчүн эмес, ибадат кылып, адамгерчилигин сактап, татыктуу жашап, акырет сынагына даярдануу үчүн берилет. Кайгыдан башың чыкпай жүрүп өмүрүң кантип өткөнүн билбей калба. Акыретке азык камдоонун ордуна, кайгы камдап алба!
🔹
Багымдат намазына тур. Эрте турбасаң – ырыскыңдан куру каласың. “Пенде таң эрте туруп Аллахты зикир кылса, анан даарат алып намаз окуса, таза, сергек күн кечирет”.
🔹
Кайгырып өзүңдү эле кыйнабай, үй-бүлөңдү, туугандарыңды, жакындарыңды да кайгыга саларыңды ойло. Сенин айыңдан канча адамдын ден соолугу начарлап, канча адамдын убактысы короп жатат...
🔹
Садага бер, жардам кыл, көңүлүн көтөр, жылуу сүйлө, жылмайып кара, кыскасы, жакшылык деп эсептелген иштен колуңдан келгенин жаса. Мына ушулар көңүлдү көтөрөт, жүрөктү эс алдырат.
📍
Өрнөк:
Меккеден Мадинага качып чыккан күнү үңкүргө жашынган Аллахтын элчиси ага (Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен Абу Бакирдин (ага Аллах ыраазы болсун) абалын көзүңө элестет. Элүү адам из кууп жакындап келе жатат. Баары куралдуу, баары каардуу, баары душман... Колго түшсө тирүү калбасы шексиз... Буттун добушу экөө жаткан үңкүрдүн үстүнө жакындап келип, сүйлөгөн сөздөрү даана угулду. Абу Бакир (ага Аллах ыраазы болсун) иштин бүткөнү ушул деп коркуп кетти. “Эңкейип карашса эле, көрүп алат” – деди шыбырап. Пайгамбарыбыз ага (Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага жылмайып карады да: “Кайгырба, Аллах биз менен...”– деди. Кайгырба, коркпо, кыжалат болбо... Өзү жараткан пендесин карабай таштап коймок беле Улуу Жараткан. Убагында качып чыккан Меккеге мусулмандар кийин кантип келишкенине кара...
👤
Автор: Алайчы Сеитбеков.
📔
"ЧЕЧИМ" китебинен.
😥
Кайгыруу
Темирди дат жегендей, денени дарт жегендей, тамырды курт жегендей, өмүрдү кайгы жейт. “Көңүл көп жашоонун дарысы” дейт экен жапондор. Эң жакын адамын жоготуп, көкүрөгүн кайгы каптаганда бүгүн чыгарып бир ыйлап алып, кайра күлүп кете берет экен жапон калкы. Кайгыдан жүрөгү канап турса да, учураган адамга жылмайып, ийилип, жүзүнөн кайгынын кыпынын көрсөтпөйт. Мына ушундай сыпат жашоосунда болуп жаткан ар бир жакшылык, жамандык тээ алмустакта эле бешенесине чийилип калганына ишенген мусулман журтунда болушу керек эле. Тилекке каршы, мусулмандардын көбү тагдырда болуп жаткан болмушка кайгырып өмүрүн өткөрүп келе жатат. Өлгөн-житкенге, ооруу-сыркоого, балээ-кырсыкка кайгыргандарды айтпай ак коёлу, машинанын чийилгенине, чынынын сынганына, кийимдин булганганына... ушул сыяктуу болор-болбоско кайгырып жашообуз кайгы менен өтүп жатат.
Кайгы – адамдын бүт жөндөмүн жоготот, иштен алагды кылат, жашоодон көңүлүн калтырат, оорукчан кылат, картайтат, өлтүрөт... Канткенде кайгыны жеңебиз? Канткенде башка түшкөн эң оор кайгыны да жүрөктүн сыртынан, көңүлдүн аркы бетинен өткөрүп жиберүүнү үйрөнөбүз? Канткенде кайгы деген балакетти унутуп, жашоонун чыныгы даамын татып жашайбыз?
📍
Чечим:
🔹
Ордуңдан турар замат өзүңдөн сура: Кайгырсаң өлгөн адам тирилеби? Ооруган жериң айыгабы? Жоготконуң табылабы? Жүрөгүңдү тыңша... “ооба” деген жооп угулса, кайгыра бер. “Жок” деген жооп угулса, ордуңдан жымайып тур, кадамыңды ишенимдүү ташта, кайгыны унут, кайгы да сени унутат...
🔹
Турмушта аябай көп жакшылык бар, бирок биз аларды унутуп калабыз. Бирок кайгыга салчу иштерди унутпайбыз. Тескери болсун, өзүңдү ушуга тарбияла. Жакшылыкты улам эсте, улам кайтала, мектепте Алыкулдун ырын жаттагандай жадыңа түй. Жамандыкты, кайгыны унут, жашооңдон чыгарып сал.
🔹
Кайсы бир нерсени эстеп кайгынын карааны алыстан көрүнгөндө дароо даарат алып, намазга жыгыл. Кайгынын канатын кайрыган эң күчтүү курал – намаз. Кайсы бир ишке кыжаалат болгондо Пайгамбарыбыз ага (Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазга турчу. “Билал, намаз менен көңүлүбүздү жайлачы” – деп, Билалды намазга азын айттырчу.
🔹
“Көңүл бургула, Аллахты зикир кылып эстөө менен жүрөктөр тынчтанат” – деген Аллах Таала. Аллахты эсте, зикир чал, киттин ичинде жатып дуба кылып аман калган Юнус пайгамбардын: “Аллахым, Сенден башка кудай жок, Сен кемчиликсизсиң, мен болсо өзүнө-өзүнө зыян кылган пендемин” деген дубасын көп айт.
🔹
Жоготконуңа эмес, тапканыңа кара... кеткенге эмес, калганга кара... Кандай чоң жоготууга учурабагын, анын артынан жакшылыктын карааны көрүнөт. Ошого үңүл, ошону күт, ошону тап... жоготконго кайгырба, барга шүгүр кыл. Аллахтын жакшылыгы деги эсепсиз, болгону аларды көрө билүү керек...
🔹
Кайгыны жалгыздык жеңбейт... адамдарга аралаш, үй-бүлөң менен эс ал, жоро - жолдошторуң менен сырдаш, көңүл көтөрө турган эмне болсо ошону кыл.
🔹
Шайтан мусулман пенденин кайгырганын жакшы көрөт. Ошон үчүн адамды кайгыртчу ишти улам эстетет, улам кайгыртат. Кайгырган киши ибадаттан алыстарын, иштөө жөндөмүн жоготорун, ачуусу бат келерин, кыскасы, адамдын бүт артыкчылыктарын жок кыларын билет. Кайгырып шайтанга эшик ачып бербе!
🔹
“Ким көп истигфар айтып кечирим тилесе, Аллах аны бардык кайгыдан арылтат, бардык кыйынчылыктан чыгарат, анын оюна келбеген жерден ырыскы берет”. Бул сүйүктүү Пайгамбарыбыздын ага (Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтканы. Бассаң-турсаң истигфар айтып, кечирим тиле, убакыт бөлүп отур, ар отурганда жүздөн ашырып истигфар айт, жашооң кадимкидей өзгөрөт.
🔹
Пайгамбарыбызга ага (Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көп салават айт. Бирөө ага көп салават айтарын айтканда: “Демек, кайгың кетип, күнөөң кечирилет” – деген.
🔹
Күнөөнүн чоң-кичинесинен сактан. Күнөө көбөйгөн сайын кайгы көбөйөт. “Ким Аллахтан коркуп такыба болсо, Аллах күтүлбөгөн жерден анын жолун ачат”.
Сиздерди 10-январть боло турчу кайрымдуулук чайга чакырабыз!
😍
.
Кайрымдуулук чай кимдер учун?
Бул чай куран жаттаган илим жолундагы козу азиз балдар жана кыздар учун. Алар биздин коногубуз болмокчу. Устаз жана устазалардан кызыктуу баян укканча журогу шугурго жана илимге толгон ушул муктаж окуучулар менен бирге чай устундо суйлошкунуз келсе, анда чайда сизди да кутобуз
🥰
.
Орундар чектелуу, бир инсандын жылмаюсуна себеп болуп акыретинизге бир курма дарак тигуугу кааласаныз, бул чайга созсуз келип катышыныз
🥰
.
1500 сом менен катышып, озунуз гана эмес, дагы бир Алланын суйуктуу пендесин тамактандырасыз
😍
.
Кайрымдуулук чайыбыз кызыктуу логикалык суроолор жана баян менен коштолот
☺️
Катышуу учун: 0502502316 номерине кайрылсаныз болот. Бара албайм бирок салым кошкум келет десениз ушул эле номерге (мбанк) колдон келгенче салым кошсонуз болот. Анда эмесе чайда корушкончо жакшым
😉
☺️
Жалалудин Руми айткан: “Сен издеп жүргөн нерсе — сени да издеп жүрөт.”
Жүрөгүңдө тынымсыз айланып жүргөн ойлор,
куйкалап тынч койбогон максаттар,
кечинде уктатпай, эртең менен ойготкон кыялдар…
Булар жөн эле каалоо эмес.
Бул — тагдырдын сен үчүн даярдап турган белгиcи.
Кээде жол узак көрүнөт,
кээде эшиктер жабык көрүнөт,
кээде «менин жолум эмес окшойт» деп артка кайткың келет.
Бирок бир нерсени унутпа:
Эгер сен бир нерсени чын дилден издеп жатсаң,
ал да сага жол таап келүүгө аракет кылып жатат.
Сенин бир кадамыңа — анын жүз кадамы бар.
Сен аракет кылсаң — ал сага жакындайт.
Сен ишенсең — ал сага жолун ачат.
Издөөнү токтотпо.
Кыялдан баш тартпа.
Сага ылайыктуу нерсе сенден өтүп кетпейт.
♡Жашоонун жаркын түстөрү
📜
🕊
pinned Deleted message