Select your region
and interface language
We’ll show relevant
Telegram channels and features
Region
avatar

Шейх Муаз Хава

muazhawwa
Тасаввуф хикматтары. ياربِّ بالمُصطفى بلغ مقَاصِدَنا واغفِر لنا ما مَضى يا واسِع الكرمِ https://t.me/hanafiajordan https://t.me/Muazhawwa
Subscribers
2 917
24 hours
-1
30 days
-52
Post views
602
ER
20,64%
Posts (30d)
8
Characters in post
730
Insights from AI analysis of channel posts
Channel category
Religion and Spirituality
Audience gender
Female
Audience age
35-44
Audience financial status
Middle
Audience professions
Education
Summary
September 11, 14:07
Media unavailable
1
Show in Telegram

ليس الغنى بكثرة المال، بل براحة القلب..
Чыныгы байлык- бар нерсеге шүгүр кылуу, жок нерсеге сабыр кылуу, адамдарга муктаждыкты азайтып, Жаратканга болгон муктаждыкты көбөйтүү жана жүрөктү көрө албастык, ач көздүк, нааразычылыктан арылтуу.
Кээде адам көп нерсеге ээ болуп туруп, дагы көбүрөөк нерсени каалап жашайт. Ошондуктан анын байлыгы көбөйгөнү менен канааты көбөйбөйт. Ал эми канагаттуу жүрөк -адамдын эң чоң байлыгы.
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар

September 06, 23:28

"Кайсы бир ишти кылсаң- ыклас менен кыл"
Жакшылыктын баарын колдон келишинче жасоого аракет кыл. «Аттиң, муну кылсам болмок экен» деп өкүнүп калбагыдай жашагын. Анткени адамдын эң чоң байлыгы -артында калтырган жакшы изи.
Даанышман адамдар: «Ушундай иштерди кыл, сен бул дүйнөдөн кеткенден кийин адамдар сенин жоктугуңа өкүнүп, жакшылыгыңды сагынып эстесин», - деп айтышкан.
Адам бул дүйнөдөн өткөн соң анын байлыгы эмес, кылган жакшылыгы, адамгерчилиги жана элге берген пайдасы эсте калат. Ошондуктан кайда жүрбө, артыңдан жакшы сөз, жакшы из жана жакшы эскерүү калтыр.
Үлгүлүү адам бол. Жөнөкөйлүк - адамдын көркү, ал эми ыклас - ар бир жакшы иштин негизи.
Элдин мактоосуна алданба. Бүгүн мактаган адам эртең унутушу мүмкүн. Сенин максатың- адамдарга көрүнүү эмес, жакшылык кылуу болсун.
Жакшылыкты мактоо үчүн эмес, жүрөктөн кыл. Анткени ыклас менен жасалган кичинекей жакшылык да адамдын артынан чоң из болуп калат.
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар

September 06, 23:28
Media unavailable
1
Show in Telegram

September 03, 11:13
Media unavailable
1
Show in Telegram

Ар бир нерсе өз убагы менен болот.
Келчү адам - келет, кетчү адам - кетет. Адам баласы кээде айрым нерселерди кармап калгысы келет, бирок Жараткандын жазган тагдырына эч ким тоскоол боло албайт.
Ар бир жолугушуунун өз убактысы, ар бир кызматтын өз мөөнөтү, ар бир кетүүнүн артында өзүнчө бир сыр бар. Биз көрө албаган жакшылыктарды Жараткан билет.
Кээде кетчү адам кетмейин, келчү адамдын келүүсү узарып кете берет. Ал эми кайсы бир жерден кетүү талап кылынса, балким, бул ошол жердеги сенин милдетиң, кызматың жана аманатың белгиленген мөөнөткө жеткенинин белгисидир.
Демек, кетүү - дайыма эле жоготуу эмес. Кээде кетүү - жаңы жолдун башталышы. Бир эшиктин жабылышы - башка бир эшиктин ачылышына себеп болушу мүмкүн.
Ошондуктан ар бир нерсеге ыраазы болуу керек. Келгенге - «кош келипсиз» деп, кеткенге - «жолуңуз шыдыр болсун» деп айта билүү да жашоонун өзүнчө тартиби...
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар

August 28, 05:27
Media unavailable
1
Show in Telegram

Зикир - Аллах Тааланы тил менен эскерүү, жүрөк менен эстөө жана Анын буйруктарына ылайык жашоо. Зикир - жүрөктүн азыгы, рухтун тынчтыгы жана пенденин Раббисине жакындашына себеп болгон улуу ибадат.
Зикир - тилдин кыймылы гана эмес, жүрөктүн Аллах менен байланышта болушу. Көп зикир кылган жүрөк акырындап дүйнөнүн убактылуу нерселерине эмес, Раббисине таянган жүрөккө айланат.
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар

August 21, 16:09
Media unavailable
1
Show in Telegram

"Мурдакылардын кийими кир болсода, жүрөктөрү таза болушкан. Бүгүнкү күндө кийимдер таза, бирөк жүрөктөр кир".
Б.а. мурдакылар кыйын заманда өмүр сүрүп, татаал убакыт кичипейилдүүлүккө, бири-бирин карашууга, боорукер болууга тарбиялады. Ал заманда таза, жаңы кийинүүгө шарт болбоду, бирок пейилдер кенен эле.
Ал эми биз жашап жаткан заманда баары бар, бирок пейилдер тарып, ар бири өзүмчүлдүккө өтүп, инсандык сыпат, тарып бараткандай.
_Жакшы адам болууга аракет керек, бузулуу оңой эле_...
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар

August 21, 04:53
Media unavailable
1
Show in Telegram

Суроо:
‏لا إله إلا الله
келименин акыйкаты журоко келиши учун эмне амалдарга бекем болуш керек устаз?
Жооп:
Келме сөзүнүн акыйкатын түшүнө алган, (чыныгы) тарбия устаттардын кол астына бармайын, өз алдыбызча эч качан маңызын түшүнө албайбыз. Жалпыбыз жалпылай малымат алып, олку-солку абалда жүргөн учур. Ошол себебтен жан дүйнө суздап, сырткы келбетте мусулманчылыкты толук карманып жатабыз деп өзүбүздү алдап келебиз. Шейхим айтты:
اصلاح القلوب، هو الذي يصلح الظواهر
"Жүрөккө маани берүү, тышкы амалдардын оңолуп, ыклас менен аткарылышына алып келет".
Оорулуу дарыгерге бармайын, айыкпайт. Бактысыз, бактылуулуктун сырына жеткен адамдын сухбетине катышмайын, ачкычын ала албайт. Пайгамбарыбыз صلى الله عليه وسلم сахабаларды эң жакшы тарбиялады. Сахабалар табииндерге бул мурасты өткөзүп беришти. Олуялар адам тарбиялоо ыкмасын пайгамбарыбыздан صلى الله عليه وسلم мурастаган.
الله اعلم بالصواب
Катталып, пайда алыңыз..
https://t.me/hanafiajordan

August 19, 07:13

https://youtu.be/FU-QmnID6OM?si=lH1unGtnIaXxbZWr

August 13, 17:36
Media unavailable
1
Show in Telegram

Инсан баласына эң кыйын нерсе - өзүн тарбиялоо.
Башканы оңдоо оңой көрүнөт, бирок өз напсисин тизгиндөө, ачуусун жеңүү, сабыр кылуу, өз катасын моюнга алуу - адам үчүн эң оор сыноолордун бири.
Адамдын чыныгы жеңиши - башкаларды жеңүүдө эмес, өз напсисин жеңүүдө.
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар

August 11, 16:00

ЖЕТИ АКЕ
Ысык-Көлдүн тарыхы -көк тиреген тоолору, тунук көлү менен гана эмес, элдин тагдырын таразалап, журтка акыл-насаат айткан залкар инсандары менен да баалуу. Ошол тарыхта «Жети аке» деген ат менен эл эсинде калган акылмандар өзгөчө орунду ээлейт.
«Аке» деген сөз кыргыз элинде жөн гана улуу адамды билдирбейт. Ал - жашоонун ысык-суугун көргөн, элдин камын ойлогон, сөзү салмактуу, чечими калыс адамга берилген бийик баа. Жети аке да өз доорунда элдин ынтымагын бекемдөөгө, талаш-тартыштарды акыл менен чечүүгө, жаштарды адеп-ахлакка үндөөгө салым кошкон инсандар катары эскерилет.
Эл арасында Жети аке тууралуу айтылган санжыралар муундан муунга өтүп, алардын накыл сөздөрү, элдештирген чечимдери жана адамдык сапаттары бүгүнкү күнгө чейин айтылып келет. Алардын өмүр жолу - бир гана өткөн тарых эмес, азыркы муун үчүн да чоң тарбия мектеби.
АКЫЛМАНДЫКТЫН ӨЛЧӨМҮ
Кыргыз коомунда сөздүн кадыры өзгөчө болгон. Бир ооз калыс сөз менен эки адамды жараштырып, бир айылдын ынтымагын сактап калган учурлар тарыхта аз эмес.
Жети акенин улуулугу да ушунда - алар өздөрүнүн жеке кызыкчылыгынан элдин кызыкчылыгын жогору коюшкан. Байлык менен мансапты эмес, адамдык наркты, адилеттикти жана ынтымакты бийик тутушкан.
Алардын осуяттарынын өзөгүндө:
«Эл ынтымактуу болсо - ырыс болот, биримдиктүү болсо- күч болот» деген түшүнүк жатат.
ЖЕТИ АКЕ ЖАНА ЫСЫК-КӨЛ
Ысык-Көл аймагында тарыхый инсандардын элдин коомдук жашоосундагы орду чоң болгон. Алардын ар бири өз мезгилинде журттун маселесине аралашып, элдин тынчтыгын жана биримдигин сактоого аракет кылган.
Ошондуктан Жети аке тууралуу сөз кылганда, аларды жеке адамдар катары гана эмес, кыргыз элинин салттуу акылмандык мектебинин өкүлдөрү катары кароо зарыл.
Алардын өмүрү бизге бир нерсени эскертет: эл башкаруу - бийлик жүргүзүү эмес, элдин жоопкерчилигин мойнуна алуу. Адамдын улуулугу -элине канчалык кызмат кылганы менен өлчөнөт.
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар