Выберите регион
и язык интерфейса
Покажем актуальные для региона
Telegram-каналы и возможности
Регион
avatar

Шейх Муаз Хава

muazhawwa
Тасаввуф хикматтары. ياربِّ بالمُصطفى بلغ مقَاصِدَنا واغفِر لنا ما مَضى يا واسِع الكرمِ https://t.me/hanafiajordan https://t.me/Muazhawwa
Подписчики
2 888
24 часа
-3
30 дней
-30
Просмотры
446
ER
15,44%
Посты (30д)
17
Символов в посте
638
Инсайты от анализа ИИ по постам канала
Категория канала
Религия и духовность
Пол аудитории
Женский
Возраст аудитории
35-44
Финансовый статус аудитории
Средний
Профессии аудитории
Образование
Краткое описание
October 25, 12:42
Файлы недоступны
1
Открыть в Telegram

Жарыя Жарыя Жарыя!
📖
🔊
Жаратканга шүгүрлөр, пайгамбарыбызга салам салаваттар болсун!
Калемибизге таандык биринчи китеп басылып чыкты. "Бактылуулар жашоосу. Үй-бүлөлүк турмуш. Нике-талак". Коомубузда үй-бүлөлүк түшүнбөстүктөр көбөюп, укук талашуулар коомдо орун алууда. Диний насаат алмайын, инсан баласы туура жолду акылына салып таба албайт.
Бул китепте коомдо болуп жаткан көйгөйлүү маселелердин эң негизгилерин жазганга аракет кылдым. Ар бир уруш, түшүнбөстүктө эркектер талак айтууга шашылып, аялдар талагын сурап, кетем деп жатканы маалым. Көйгөй бар, аны чечүү керек... Бул китепти окуган адамдар, көп суроосуна жооп табат деген үмүттөмүн. Алла Таала бул китепти пайдалуу кылсын...
Буюрса китеп жакында сатыкка чыгат..
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар

October 24, 05:09
Файлы недоступны
1
Открыть в Telegram

Инсан баласы өзү тандайт...
Жакшы адам - башкаларга пайдасы тийген, чынчыл, адилеттүү, мээримдүү, аманатка бекем жана өзүнө каалаган жакшылыкты башкаларга да каалаган адам.
Жаман адам -башкаларга зыян келтирген, калп айткан, адилетсиздик кылган, аманатка кыянаттык кылган жана өз кызыкчылыгы үчүн башкалардын акысын тебелеген адам.
Хадистин маанисинде: Жакшы адам -адамдар анын тилинен жана колунан аман болгон адам. Жаман адам - адамдар анын тилинен жана колунан зыян тарткан адам.
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар

October 23, 11:34
Файлы недоступны
1
Открыть в Telegram

Чамлыжа мечити -Түркиянын Стамбул шаарындагы эң чоң мечиттердин бири. Ал шаардын Азия тарабындагы Чамлыжа дөңсөөсүндө жайгашкан.
2013-жылы курулушу башталып, 2019-жылы расмий ачылган. Мечит Осмон жана Селжук архитектуралык стилдеринин айкалышында курулган. Алты мунарасы жана бийиктиги 72 метрге жеткен чоң күмбөзү менен айырмаланат. Бир мезгилде болжол менен 63 миң адамды батыра алат.
Мечиттин курамында китепкана, музей, көркөм өнөр галереясы жана жыйындар залы да бар. Чамлыжа мечити -Түркиянын диний жана архитектуралык көркөм мурастарынын маанилүү символдорунун бири.
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар

October 21, 16:10

"Жаман чөйрөгө караганда, жалгыздык жакшы. Жалгыз жүргөндүн ордуна, мыкты чөйрө жакшы".
Ыйманың алсыз болсо, жаман чөйрөгө аралашып, таасир берем деп, аракет кылба. Өз ыйманыңа иште. Кандай эле үрөн өнүп чыгышы үчүн башында жерге жашырылат. Эгер күнгө жатып калса күйүп калат да ал эч качан өнбөйт. Өзөгү катпай эртелеп жемиш байлаган көчөт сынат.
Алла Таала ыйманы күчтүүлөрдү аларга жөнөтүп, дин насаатын угузат. Алла Таала даанышман, баарын билүүчү зат. Өзүң эптеп жүргөндө, алар өзүнө тартып кетпесин. Сен мыкты чөйрөдөн чыкпа, алыстаба. Ыйманың күчтөнүп, ташкындасын. Мен айтпасам, баары тозокко кирип кетет деп баардык жоопкерчиликти өзүңө алба. Алла Таала даанышман уга тургандарга, айта тургандарды жөнөтөт. "Акыретте мен билген эмесмин", "мага эч ким айткан эмес" деген адамдардын шылтоосун алдын алып, дин насаатын айтып, эскерткендер өз убагы менен ар бир адамга жетет.
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар

October 21, 16:10
Файлы недоступны
1
Открыть в Telegram

الله الله الله الله الله الله الله الله الله الله الله الله

October 20, 13:39
Файлы недоступны
1
Открыть в Telegram

"Адамдардын арасында жан дүйнө тынчтыгын жайылткыла! Силерге коркунучтуу заман жөнүндө айткан адамга, мээримдүү жана ырайымдуу Роббиңер жөнүндө айтып бергиле…"
إنشروا الطمأنينة بين الناس
من يحدثكم عن زمن مخيف حدثوه عن رب لطيف ...
Биздин жол Жараткандын мээримдүүлүгүн жар салып, Алла Таалага махабат кылууга багытталган. Кудайын тааный алган адам, ага каршы чыгып, тыйган нерседен оолак болуп, сестенет. Насаатыбыз пенделерге үмүт берип, Жаратканды сүйдүрүү, акыретке таза жүрөк менен даярданууга багытталат. Алла Тааланы сүйүүдөн арамга жакындабаган, азаптабасын деп арамды таштаган адамга караганда даражасы бийигирээк. Мүдөөбүз тозок же кабыр азабы менен коркутуу эмес. Балким Жаратканга ишарат кылып, Аны сүйүүгө ортомчу болуу...
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар

October 19, 00:02
Файлы недоступны
1
Открыть в Telegram

(Убактыңды туура бөл!)
Кээде убактыңды истигфар айтууга, кээде тасбих тартууга, кээде тахлил айтууга, кээде Пайгамбарыбызга صلى الله عليه وسلم салават айтууга арна!
Истигфар -күнөөкөрлөрдү өчүрөт.
Тасбих -Аллахты сүйгөндөрдүн жан дүйнөсүнө ырахат тартуулайт.
Тахлил -жашоонун руху.
Пайгамбарыбызга صلى الله عليه وسلم салават айтуу - ага болгон берилгендиктин жана анын шапаатына үмүт артуунун белгиси.
Шейх Муаз Хава
(أوقــاتـــك)
* تارة للاستغفار
* وتارة للتسبيح
* وتارة للتهليل
* وتارة للصلاة على النبي صلى الله عليه وسلم.
الاستغفار يمحو أوزار المذنبين، والتسبيح رَوحُ المحبين، والتهليل رُوحُ الحياة، والصلاة على النبي وفاء واستشفاع.
الشيخ معاذ حوى
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар

October 17, 16:36
Файлы недоступны
1
Открыть в Telegram

Жаш курак жөн гана сан экенин түшүнүшүң керек. Ал сенин чыныгы жүзүңдү эч качан аныктай албайт.
Анткени алтымыш жашка чыксаң да, бала бойдон калышың мүмкүн. Ал эми жыйырма жашыңда эле карыядай акылга ээ болушуң ыктымал.
Шамсуддин Тибризи
يجب أن تفهم أنَّ العمرَ ليس سوى رقمٍ،
لا يُعبِّر عن حقيقتك أبدًا.
فلربما تكون طفلًا في الستين،
أو شيخًا في العشرين.
شمس التبريزي
Кээде жашы кичине болсо да, Кудай берген илимге ээ чыгат.
Кээде картаюу менен жашоо тажрыйбасы мол болуп, акылман болуп кетпейт. Апенди да картаярын унутпа! Насаат сурасаң да, өз ээсинен сура!..
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар

October 16, 15:27
Файлы недоступны
1
Открыть в Telegram

Тарбиячы устаз, урматтуу шейх азирети Хазим Абу Газаланын (Аллах анын сырын ыйык кылсын) айткандары:
«Дин бир туугандык - Аллахтын бизге берген эң улуу нематтарынын бири. Эгер Аллах сага Өзү үчүн сүйгөн бир тууганды насип кылса, анда аны бекем карма, эч качан таштап кетпе.
Ошондуктан биз силерге бекем байланабыз, силер да бизге бекем байлангыла.
Биздин ортобуздагы убада - кимдир бирөөбүз кутулууга жетсе, экинчисинин колунан кармап, аны да кутулууга жетелейт».
قال حضرة شيخنا المربي سيدنا الشيخ حازم أبو غزالة قدّس الله سرّه:
"الأخوة من أعظم نعم الله علينا؛ فإذا أكرمك الله بأخٍ في الله فتمسّك به ولا تتركه. لذلك نحن نتمسّك بكم وأنتم تتمسكون بنا. لذلك العهد الذي بيننا أنّ الناجي منا يأخذ بيد أخيه."
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар

October 14, 16:17
Файлы недоступны
1
Открыть в Telegram

«Ким Эгесине жолугууну үмүт кылса, анда жакшы амалдарды кылсын».
Эң акылдуу адам - күнөө аны таштап кете электе, өзү күнөөнү таштаган; дүйнө менен коштошконго чейин, ага болгон ашыкча байланышын үзгөн; кабырга кире электе, аны нурланта турган жакшы амалдарды жасаган жана Эгесине жолукканга чейин, Аны ыраазы кылган адам.
Шейх Муаз Саид Хава
[فمن كان يَــرجو لقَـاء ربه فليعمَــل عمَلاً صـالحاً]
أعقلُ الناس مَن ترك المعصيةَ قبل أنْ تتركه، وتركَ التَّعلّــق بالدنيا قبل أن تتركه، وأنارَ قبرَه قبل أن يُسكَنَه، وأرضى ربَّه قبل أن يلقاه.
الشيخ د.معاذ سعيد حوى
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар