Select your region
and interface language
We’ll show relevant
Telegram channels and features
Region
avatar

Насаат Медиа (расмий канал)

nasaatmedia
✅ Расмий баракча 🔸 Илимий агартуу медиа портал 🔸 Устаздардын сабактары 🔸 @nasaatmedia_ru 🔸 Ютуб каналыбыз 👇 👇 👇 www.youtube.com/user/nasaatmedia/videos
Subscribers
8 660
24 hours
30 days
-160
Post views
515
ER
5,95%
Posts (30d)
68
Characters in post
1 888
Insights from AI analysis of channel posts
Channel category
Religion and Spirituality
Audience gender
Female
Audience age
35-44
Audience financial status
Middle
Audience professions
Education
Summary
June 24, 04:44
Media unavailable
1
1
Show in Telegram

✍️
ДААРАТСЫЗ КОЛ КОЙБОГОН СУЛТАН
✍️
Осмон дөөлөтүнүн эң көрүнүктүү башчыларынын бири болгон, мусулмандардын халифасы султан Абдулхамид II өзүнүн диндарлыгы, ибадаткөйлүгү жана такыбачылыгы менен айырмаланып турган. Намаздарын каза кылбаган, Курани Каримди колунан түшүрбөгөн султан хан сарайында беш убакыт азан чакыртып, кол астындагыларды намаз окуганга жана мечиттерге барууга үндөчү. Бул улуу падыша бийликте турган учурунда эч бир кагазга дааратсыз кол койгон эмес экен. Керебетинин башында ар дайым бир таш турчу. Уйкудан турганда даарат алчу жерге да дааратсыз баруудан корунуп, ошо ташка колун сүрүп тайаммум алчу. Мындай адатын ал өз жубайына мынтип түшүндүргөн:
“Ушунча мусулмандын башчысы катары биз сүннөт иштерге бекем болбосок, үммөтү Мухаммад мындан зыйан тартат. Эгер мен дааратсыз жүрө турган болсом, анда мусулмандар гусулсуз кезип калат”
.
Мамлекеттик маанидеги маселе үчүн саат канчада болсо да ойготууну буйурган султан Абдулхамид хан, бир жумуштун эртеңки күнгө калып кетүүсүнө ыраазы болбойт эле. Муну иш-кагаздар башкармалыгын башчысы Эсад паша бул эскерүүсү менен тастыктайт:
“Түндөрдөн биринде өтө маанилүү мамлекеттик жумуш менен кол койдуруу үчүн султандын эшигин кактым. Бирок эч ким ачкан жок, бир аз туруп кайра тыкылдаттым. Жооп жок, Кудай сактасын султаныбыз аманатын тапшырдыбы деген ой келди. Кайра туруп дагы каалгасына кол шилтедим. Мунусунда эшик ачылып, султаныбыз колунда абдесте кумганы менен турганын көрдүм. Күлүп туруп “Уулум, түндүн бул жарымында өтө маанилүү иш менен келгениңизди билдим. Биринчи эшик кагылганда эле ойгонгон элем. Болгону дааратым жок болгондугу үчүн кечиктим. Кап этпеңиз! Ушул күнгө чейин элим үчүн бир дагы кагазга дааратсыз кол койбодум. Алып келиңиз, кол койойун!” деди жана бисмиллах деп кол койуп берди”
.
✍️
Которгон: Нуриет Абдулазиз
📚
Булак: Осмон Нури Топбаш, “12 бакыттын тамчылары”
📱
Насаат Медиа
📱
Насаат Медиа
📱
Насаат Медиа

June 23, 08:29
Media unavailable
1
Show in Telegram

🚫
Арам нерсеге катышпа.
⚖️
Азирети Пайгамбарыбыз айтат "Жер бетинде бир күнөө иш болсо, бир арам иш болсо, ошол күнөө арам ишти көрүп туруп бир адам ошого инкар кылып жаман көрсө, ошого катышпагандай" дейт.
👀
Бир бала менен бир кыз өбүшүп жаткан болсо бейнике, көрүп туруп Эй бала! деп урушуп койгон болсоң. Жок дегенде урушсаң, өзүңө келип бир чаба турган болсо, ичиңен жаман көрүп койгон болсоң, ошол жерде жок болгондойсуң сен дейт.
☝️
А бирок бир адам ошол жерде жок болгон, бирок ошол нерсени угуп туруп ошого ыраазы болсо, ошол жерде бар болуп катышкандай күнөөгө ээ болот дейт.
📌
Ошонүчүн арам нерсеге катышпаш керек, урматтуу бир тууганым. Жаман көрүш керек жаман нерселерди.
🏛
Азыр мисал үчүн қарап көрсөңөр кээде саясатчылар барда. Саясатчылар, урматтуу бир тууганым, биз аларга көбүнө, көбүнө бардыгына эмес, шайлоодо эле керек болобуз.
💼
Кээ бир байлар болот шайлоо болуп, чоң болгусу болгондо келет сага. Анан кийин беш жылдай сага келбейт кайра. Кайда көрдүм кара эшек, жолдо көрдүм кер эшек. Ошо менен жок эчтеке.
🤔
Анан кээде кээ бир окуялар болуп турат. Булардын бардыгы саясат менен болот, жеке биз менен болбойт.
📖
Аллах Таала Қурани Каримдин Тауба сүрөсүнүн 96-аятында айтат.
📜
يَحْلِفُونَ لَكُمْ لِتَرْضَوْا عَنْهُمْ ۖ فَإِن تَرْضَوْا عَنْهُمْ فَإِنَّ اللَّهَ لَا يَرْضَىٰ عَنِ الْقَوْمِ الْفَاسِقِينَ
⚠️
Мунафыктар өлүп-талып касам ичип айтышат, бизге ыраазы болгула деп дейт. Кээ бир адамдар бар. Мунафык ким? Сырты мусулман, ичи каапыр.
🎭
Краскасы биздики, ичи жыты бөлөкчө. Жыртып жиберсең сасып кетет. Жыты биздики эмес. Биздин жытыбыз бар өзүбүздүкү. Ачсаң өзүңдүк жытың мусулман жыты бар да. Краскабыз дагы бар. Өңүнөн билесиң, сүйлөшсөң дагы билесиң.
🔍
Мунафыктар кандай, сырты мусулман краскасы биздики, ичин ачып жиберсең жыты сасып таптакыр бөлөк.
🗣
Мунафыктар дейт касам ичишет дейт бизден ыраазы болгула деп. Шайлоо учурунда көп адамдар ыраазы бол деп сага колуңа суу куюп жиберейин дейт кээ бир адамдар. Чынбы, урматтуу бир тууганым?
🚗
Анан кийин қарасаң эле өтүп кетип баратып пустой машинасына салып алганга жарабагандар бар да. Алик алганга жарабагандар бар да кээ бирлер, урматтуу бир туугандарым.
🪨
Эл кыйналып жатканын көрүп, бир кембагалга көмүр түшүрүп койбогон "көмүрдүн кыйындарын" дагы көрүп жүрөбүз мисал үчүн.
📚
Кудай айтат да, силерге мунафыктар келип касам ичип, өлүп кетейин, менден ыраазы бол деп айтат дейт, силерге жасанышат мунафыктар дейт.
❗️
Силер ошолорго ыраазы болсоңор, силер да, алар да фасык болуп калдыңар. Кудай силерден ыраазы болбойт дейт.
🚫
Алардан ыраазы бол деп, алар силерге касам ичип жалынып-жалбарышат. Ошолорго ыраазы болуп, ошолорду колдоп, ошолордун аркасынан жүрүп, ошолорго поддержка берип жүрө турган болсоңор, жакшы көрүп калсаңар, Аллах Таала бул учурда фасык коомго ыраазы болбойт дейт.
⚖️
Демек, эреже бизде, күнөө ишке ыраазы болуу — күнөө болот.
🔥
Ал эми куфрлук ишке ыраазы болуу бул — куфрлук болот.
✍️
Устаз Шейх Чубак ажы Жалилов
📱
Насаат Медиа
📱
Насаат Медиа
📱
Насаат Медиа

June 23, 08:29
Media unavailable
1
Show in Telegram

June 22, 04:44
Media unavailable
1
1
Show in Telegram


ЖАМАНГА ӨЗҮНҮН ЖАМАНДЫГЫ ЭЛЕ ЖЕТИШТҮҮ БОЛОТ
Илгери бир падыша бир аалымды өтө кадырлаган экен. Бул адам падышага ар дайым мындай деп насыйкат айтат экен:
"Падышам, жакшылык кылган адамга жакшылык кыл! Жамандык кылган адамга жаза катары өзүнүн жамандыгы эле жетиштүү болот.”
Бул аалымды вазирлеринин бири көралбай падышага арызданат:
— Падышам! Тиги аалым сиздин оозунузду сасык деп айтып жүрөт.
— Сөзүңдүн чын экендигине кандай ишенемин?
— Аалымды алдыңызга чакырыңыз, эгерде сизге жакындаганда мурдун жапса анда сөзүмдүн чын экени белгилүү болот.
Көралбас вазир падышадан мурда аалымды өзүнүкүнө тамакка чакырып, сарымсак кошулган тамак берет. Бираз убакыт өтүп падышанын алдына барганда падыша ага өзүнө жакындоосун айтат. Аалым жакындаганда оозунда сарымсактын жыты бар экени эсине түшүп колу менен оозун жабат. Аалымдын бул мамилесин көргөн падыша вазири айткан сөзгө ишенип калат. Бир кагазга
"Бул катты алып келген адамдын башын ал!”
деп кат жазып, оролгон катты аалымга берип, баш вазирге тапшыруусун жана андан бир сыйлык алуусун айтат.
Аалым бул катты алып келе жатып жолдо баягы вазирди көрөт. Падышанын буйругу менен сыйлык алуу үчүн баш вазирге бара жатканын айтат. "Сыйлык” деген сөздү уккан вазир "катты мага берсеңиз, мен алып барсам” деп жалынганда аалым катты ага берет. Ошентип, катты алып барган көралбас вазирдин башы алынат.
Аалым адаттагыдай кайрадан падышанын алдына барат. Падыша аны көрүп таң калып, сурайт:
— Сен катты эмне кылдың?
— Катты алып бара жатсам сиздин вазирлериңиздин бири катты берүүмдү сурады, ошого бердим.
— Кече ошол вазир мага сенин "Өкүмдардын оозу сасыйт” деп айтып жүргөнүңдү айтты. Ушул чынбы?
— Андай эч нерсе айтпадым.
— Андай болсо эмнеге кече алдыма келгенде оозуңду жаптың?
Аалым ошол вазирдин аны тамакка чакырып, сарымсак кошулган тамак бергенин жана сарымсактын жыты менен падышанын тынчын албоо үчүн оозун жапканын айтат. Ошондо падыша аалымдын өзүнө айткан насаат сөзүн мындай деп кайталады:
"Жаманга өзүнүн жамандыгы жетиштүү болот».
Көралбаган вазир жазасын алды
📱
Насаат Медиа
📱
Насаат Медиа
📱
Насаат Медиа

June 21, 08:29
Media unavailable
1
Show in Telegram

🌍
Аалам Аллахтын мүлкү.
📖
Бул сөздөр менен Аллах Таалага кулдары үчүн жакшыраак болгон ишти аткарып, алар үчүн кам көрүү милдеттүү эмес экендиги анык болду, ачык болду.
☝️
Тескерисинче, Аллах Таала алардын үстүнөн каалагандай бийлик жүргүзөт. Себеби аалам Анын мүлкү - Аллах Тааланын мүлкү.
🏛
Кожоюн өз мүлкүн каалагандай колдонот.
⚠️
Элдин мүлкүн каалагандай колдонуп, адамдардын мүлкүн каалагандай колдонгондор, алар өздөрүн кичине кудай сезип алгандар, уктап калгандар болгону эле.
🚫
Укугуң жок ага сеники.

Кудай Таала каалагандай колдонот. Карап көр. Кудай Таала каалаганда каалаганча мүлк берип, каалаганда каалаганча мүлкүн алып коёт.
🐎
Сөз бар кыргызда: бай мактанса бир жуттук, эр мактанса бир октук деген.
🌪
Бул жут кылат бардык малыңды алып коёт. Эгер бирөөлөр колуңдан тартып алса, зулумдук дейт элең го, а бирок Кудай Таала өзү алып кетип калган болсо, ага моюн сунасың.
🤲
Анткени Кудайдын ошол өзүнүн хикматы бар ал жерде.
⚖️
А Кудайдан башка бирөө келип, сенин малыңды тартып алганга, жаныңды тартып алганга, зордуктаганга, башка кылганга, тыйганга укугу жок болот.
📌
Эгер сен бирөөгө тийишпесең, анда сага эч ким тийишпеш керек.
🛡
Сен тыйганга туура келет эгер башка бирөөнүн акысына кирип аткан болсоң.
✍️
Устаз Шейх Чубак ажы Жалилов
📱
Насаат Медиа
📱
Насаат Медиа
📱
Насаат Медиа

June 21, 08:29
Media unavailable
1
Show in Telegram

June 21, 06:56
Media unavailable
1
Show in Telegram

👍
Жагымдуу жарыя!
🤗
Алхамдулиллах
📅
Бүгүн 21.06.2026
🕙
Шам намазынан кийин Куптан намазына чейин

Устаз Максатбек ажы Токтомушев
🕌
Молдо Сайид атындагы кольцевой мечитинде
👳🏻‍♂️
Эркектерге сабак өтөт
✉️
Сабактан соң суроолорго жооп берилет
———————————
➡️
Дареги:
🚸
Бишкек шаары,
🕌
Молдо Сайид атындагы кольцовой мечити
🛣
7-апрель көч 21б
--------------------------------
📲
Келип сабака катышып,
эки дүйнөлүк пайда алыңыздар.
👍
📢
Бул маалыматты
башкаларга жеткириниздер!

June 20, 04:42
Media unavailable
1
Show in Telegram

June 19, 08:28
Media unavailable
1
Show in Telegram

📖
Молдо барда оозуңду тый.
⚖️
Дин десе адамдар бардыгына жакшылык каалашы керек, анан мындай-мындай деп өздөрү каалаган динди айта беришет. Андай эмес. Дин бул олуттуу маселе. Бар же жок. Акырет-дүнүйнө, тозок-бейиш. Олууттуу маселелер.
💭
Кээ бир адамдарга дин жөнүндө дегенде күнөө кылсаң деле Кудай Таала кечирет, ширк кылсаң деле Кудай таала кечирет. Ал ката кылса боло берет, сен ката кылсаң Кудай Таала каалабайт дейт.
🗣
Бардыгы Кудайдын динин бизге үйрөтүүчү болуп чыгып кетти. Карап отурасың, өзүңөн башканын бардыгы өзүңө динди үйрөткүч болуп чыгып кетет.

Дин деген мындай, орозодо минтип сүйлөбөш керек, молдо деген мындай кылбаш керек, молдо ушинте берсе болобу? Молдо деген пайгамбар болуп кеткенби? Кудайдан кийин өзүн сезип алган деп.
☝️
Сага ким укук берди Кудайдын динин сүйлөгөнгө? Ошонун окуусун окудуңбу сен? Илимин алдыңбы ошонун сен? Же Кудайдын эгизисисиңби сен?! Албетте күнөө болот бул ширк сөз. Анткени ал эгизинде сүйлөп атат.
🚫
Анткенге укук жок сеники. Же окуп билишиң керек же ошону менен чогуу жашаган болушуң керек.
📚
Асан Үсөн жөнүндө каяктан билет? Эгизи болгон үчүн билет же аны китебин окуганы үчүн. Марк Твендин китебин окуганда өмүр баянын окуганы үчүн билет.
🤔
Сен кантип Кудай жөнүндө Кудай андай, Кудай мындай, Кудайдын дининде мындай деп сүйлөп атасың?!
🔥
Китептин бир жеринде келет Кудайдын дини жөнүндө илим албай туруп, билбей туруп сүйлөгөндөр тозокто кандай азапталаары.
⚽️
Башка нерсени сүйлө. Футболду сүйлө. Уйлардын паспорту жөнүндө сүйлө. Иттер эмнеге бир тууганда беш-алтыны тууп коет ошону окуп үйрөн мисал үчүн. Эгер сүйлөгүң келип атса, беймарал сүйлөгүң келсе, аны сүйлөй бер каалашыңча.
📌
Бирок динге келгенде жок, оку андан кийин сүйлө.
📖
Биз айтабыз Курани Карим китебибизди кармоо ар бир адамдын укугу бар кармаганга. Ар бир адамдын укугу бар. Пожалуйста карма. Анткени бул бүтүндөй ааламга келген китеп Куран китеп дейбиз.
🤲
Бирок шарты бар, биринчиси мусулман бол, экинчиси даарат менен карма.
🕌
Намаз окуп мечитке киргенге мечиттин эшиги ачык биздики. Бир бирөөдөн Нурмухаммад кары паспортун сураган жери жок. Чынбы?

Бирок шарты бар, мусулман бол, анан даарат менен бол. Жунуп болсоң жок кирбе деп айтабыз. Сен кирбешиң үчүн эмес, болгону шарттарын сакта деп.
📚
Ушундай сөз да тууганым. Ошол сыяктуу эле дин жөнүндө сүйлөсөң сүйлө. Бирок илимин ал. Анан сүйлө болбосо тим отур.
🧠
Татарлардын бир сөзү бар: уста бар жерде колуңду тый, молдо бар жерде оозуңду тый деген сөзү бар.
⚠️
А бизде молда сүйлөбөй калды, сүйлөтпөй коюп калгандары баары сүйлөп алат.

Андан кийин... Кыямат келет.
✍️
Устаз Шейх Чубак ажы Жалилов
📱
Насаат Медиа
📱
Насаат Медиа
📱
Насаат Медиа

June 19, 08:28
Media unavailable
1
Show in Telegram