
Насаат Медиа (расмий канал)
✅
Альхамдулиллах
😊
👍🏻
😍
Кубанычтуу жарыя!!!
🗓
Бүгүн 11 / 06 /2026
🕙
Шам намазынан кийин
➡️
Устаз Максат ажы Токтомушев
🕌
Махмуд Кашгари мечитинде
📍
«Куран тафсири» боюнча
👳
Эркектерге сабак өтөт
⁉️
Сабактан соң суроолорго жооп берилет
---------------------------------
🔍
Дареги:
📍
Бишкек шаары,
🕌
"Махмуд Аль-Кашгари" атындагы Мечит
🛣
Осмонкул көчөсү, 69/2
⛳️
https://maps.app.goo.gl/soojPLBZ2PC7ssvg9
---------------------------------
☺️
P.S. Сабакка катышып,
🎁
эки дүйнөлүк пайда алыңыздар
🤲
📲
Бул пайдалуу маалыматты
➡️
башкаларга дагы жеткириңиздер!
⚖️
Акыйкатты билип туруп айтпаса, адамдарга жакпай калат деп ошону беките бере турган болсо, бул үммөттүн, элдин, мамлекеттин жоголушуна алып келет. Үммөттүн өзүнүн кадыр-баркынын жоголушуна алып келет. Ошондой эле дин душмандар, элдин душмандар, мамлекеттин душмандарынын астыга аренага чыкканына алып келет.
🗣
Бул жер бош калбайт. Мен чыкпасам, сен чыгасың, сен чыкпасаң ал чыгат. Акыйкат айтылынбаса да, баатыл айтылынат. Көптөгөн парламенттерден, башка жерлерден көрүп отурабыз. Дүйнөнүн бардык жеринен көрүп отурабыз. Адамдар акыйкат деп мушташып кетишет. Тукум менен атып аткан жумуртка менен айтор ызы-чуулар көп болот, урматтуу бир тууганым.
📌
Ошон үчүн сенин макамың, сенин ордуң, сен турган жер сенин ордуң. Ошол ордуңда акыйкатты айтып калбасаң, анда үммөттүн жоголуп кетишене себеп болот.
🤲
Азирети Умардан риваят кылынат, айтат. Азирети Умар дуа кылат. О, Кудай Таалам, мен сага арызданып дуа кылам. Эмнеден? Момундун алсыздыгынан жана каапыр, фасыктын кайраттуулугунан дейт.
🔥
Анткени кээ бир акыйкатты билбегендер өзү бир болбогон жолдо. Бирок абдан кайраттуу. Өзүнүн баатыл нерсесин алып келип сага берет. Арак болушу керек. Арак экономиканы күчөтөт. Керек болсо, мындай болушу керек. Процент мынчадан бериши керек. Фажир, фасык өзү. Бирок ошондо кайрат бар. А момун алсыз болот. Ошондон мен арызданам деди Азирети Умар дуа кылып.
💪
Демек, момундарга күч-кубат бер, момундарга кайрат бер деген, урматтуу бир тууганым, маани. Сенде акыйкат бар, берген акыйкатыңды башка бирөөгө айта албайсың. Ошондон кейип зээни кейип Азирети Умар ошентип дуа кылат.
🧠
Анан мен айттым, мен Чубак ажы устаз эмне десе, мен ошол тарапта болом дедим. Акыйкатка мен байланып калдымбы? Мен акыйкат айткан болсом, акыйкат тарапта болом. Анан мен акыйкат эмес сүйлөп алсам, акыйкат эмес жакта калган болом да. Акыйкат мага карап түздөлбөйт. Мага балким ошол айткан акыйкатыма карап баа берилет.
📖
Чубак ажы деп урматтап төргө чыгарып, башка кылып Чубак ажыке деп аткан болсок, ошол айтып аткан сөзүнүн тууралыгы үчүн. Таразага тартсаң, жүз кило гөштү ким алат эле мисал үчүн? Жок, андай эмес.
✨
Акыйкат адамдарга байланбайт, адамдар акыйкатка байланышат. Акыйкатка байлануусуна жараша буга даража берилет же даража түшүрүлөт. Түшүнүктүүбү тууганым? Анан бирөөнү кармап алып ушунун айтканынын баары акыйкат ошонуку туура дей берген туура эмес.
✍️
Устаз Шейх Чубак ажы Жалилов
📱
Насаат Медиа
📱
Насаат Медиа
📱
Насаат Медиа
🕌
ЖЕГЕНДЕЙ БОЛДУМ
🕌
Кайсыл бир доорлордо Түркия өлкөсүндө кедей бир Хайруддин-эфенди аттуу мусулман адам жашаган экен. Ал ар дайым базарга келип, даамдуу тамактардын жытын сезгенде:
“Жегендей болдум”
деп,ал акчаларды топтоп,мечит салууну самаган. Арадан бир топ убакыт өтүп, топтогон акчасына мечит кура баштайт. Бирок арзыбаган акчасы төрт дубал менен эки мунарага гана араң жетет. Ошол мезгилден бери мусулмандар бул мечитти абат кылып, ар дайым ал жерде намаз окушат. Мечиттин атын болсо,
“Жегендей болдум”
деп атап коюшкан.
📱
Насаат Медиа
📱
Насаат Медиа
📱
Насаат Медиа
🗣
Акыйкат сүйлөгөн өтө оор маселе. Айтабыз баардыгыбыз акыйкатты сүйлөш керек деп. Бирок сүйлөй турган учурда кыйын. Зекетти бериш керек деп айтабыз баардыгыбыз. Бирок бере турган учурда кыйын болгондой эле акыйкатты сүйлөш керек деп кыйкырабыз бирок акыйкатты өз убагында сүйлөө өтө кыйын.
⚖️
А бул жерде чыныгы мусулмандар Пайгамбарга байат бергенде "Акыйкат кайсыл жерде болсо, ошону сүйлөгөнгө байат беребиз. Аллахтын ыраазылыгы үчүн адамдардын сөзүнөн коркпойбуз. "Лау маталаим" деген адамдар ий мындай деп койду. Тегиндей деп койду. Демек, Кудай үчүн биз эч убакта эми "лау маталаим" бирөөнүн сөзүнөн коркпойбуз. Акыйкат айтабыз. Акыйкатты кылабыз. Бирөөгө зулум кылбайбыз. Ошону менен маселе, урматтуу бир тууганым, кете берет.
📖
Азирети Абу Зар радиоллаху анху айтат: "Менин халилим эң жакшы көргөн адамым сүйүктүүм, сүйүктүү Пайгамбарыбыз алейхи салам мага осуят кылды" дейт. "Жакшылык иштерден бир канча иштерди осуят кылды. Анын бири Кудай жолунда адамдардын сөзүнөн коркпогонго" деди.
🤲
Аракет кылабыз колдон келишинче. Кээде айтышат келип: "Ажыке, сиз урматтуу адам болуп калдыңыз. Рейтингди көрүп атасыз. Койсоңуз дагы падыша болуп кетишиңиз мүмкүн. Ошол сүйлөп аткан сөзүңүздү анча-мынча нерсени айтпай эле койсоңуз. Төшөк маселесин кээде айтып жибересиз. Кээде шыпыргыны кантип койсого дагы жооп бере бересиз. Сиз деген улуу-улуу сөздөрдөн бийик-бийик сөздөрдөн, чукур-чукур маанилерден сүйлөсөңүз, макамыңызга ылайык болот эле" деп ушинтип мага акыл үйрөтүп келет.
🧠
Анан мен айттым "сен мага акыл үйрөтүш үчүн жок дегенде мага тең бол, анан үйрөт мага ошону. Мен көргөндү көрүп атасыңбы? Мен сезген проблеманы сезип атасыңбы? Сен Кыргызстанга бүгүн келдиң. Бизде эмне бар экенин билбейсиң. Биздеги адамдар кантип жашап жатканын сен билбейсиң. Ошентип жаап-жашырып жүрүп, бул эң жөнөкөй мисал, акыйкатты жаап жүрүп, биз жарыла турган абалга жетип калдык. Жарды абалга жетип калдык. Ошон үчүн акыйкат айткандан коркпош керек. Ошондо Кудайым сага ийгилик берет.
📌
"Ошондой эле акыйкатты канчалык ачуу болсо дагы айтканга осуят кылды" дейт. Акыйкат айтылышы керек. Бирок ачуу десе эле сөгүп, энең-байтал айтышпастан, ошону культурный кылып маданияттуу адептүү түрдө бирок чындык айтылышы керек.
✨
Ошондо ийгиликке жетишебиз. Болбосо баардыгыбыз таптакыр кургуйга түшүп кетишибиз толук түрдө мүмкүн, урматтуу бир тууганым.
✍️
Устаз Шейх Чубак ажы Жалилов
📱
Насаат Медиа
📱
Насаат Медиа
📱
Насаат Медиа
❤️
ЖҮРӨКТӨРДҮН АРАЛЫГЫ
❤️
Бир күнү мугалим сабакта студенттерден сурап калды:
– Кана балдар, айткылачы, эмне үчүн адамдар урушканда кыйкырып башташат?
– Себеби, алар эмоцияга алдырып коюшат, – деди бирөө.
– Бирок, экинчи адам жанында болуп турбайбы, эмне үчүн кыйкыра беришет? Жай эле сүйлөшсө болбойбу?
– Ачуусу келген үчүн кыйкыра баштайт, – деди дагы бирөөсү. Ошентип, ар кимиси ар кандай жооп айтып жатты. Акыры, алардын ичинен унчукпай турган бир студент колун көтөрүп мындай деп жооп берди:
– Адамдар нааразы болгондо, алардын жүрөгү бири-биринен алыстай баштайт. Канчалык бири-бирине жини келген сайын алардын жүрөктөрү ошончолук алыстайт да, ал аралыкты жоюу үчүн алардын кыйкырганы күчөй баштайт.
– Туура, – деди мугалим анын айтканын коштой, – чындыгында эле ушундай. Мисалы, бирин-бири жакшы көргөн адамдарды карагыла, алар канчалык жакшы көргөн сайын бири-бирине жай сүйлөй баштайт. Себеби, алардын жүрөгү өтө жакын болуп калат. Ал эми сүйүшкөндөрчү…. Алар бирге отурганда шыбырашып калышат. Айрым учурда сөздүн да кереги жок болуп калат, туурабы?
💞
Демек, адамдардын арасындагы аралык физикалык жактан гана эмес, алардын ортосундагы мамиледен дагы көз каранды болот экен.
📱
Насаат Медиа
📱
Насаат Медиа
📱
Насаат Медиа
👍
Жагымдуу жарыя!
🤗
Алхамдулиллах
📅
Бүгүн 07.06.2026
🕙
Шам намазынан кийин Куптан намазына чейин
✅
Устаз Максатбек ажы Токтомушев
🕌
Молдо Сайид атындагы кольцевой мечитинде
👳🏻♂️
Эркектерге сабак өтөт
✉️
Сабактан соң суроолорго жооп берилет
———————————
➡️
Дареги:
🚸
Бишкек шаары,
🕌
Молдо Сайид атындагы кольцовой мечити
🛣
7-апрель көч 21б
--------------------------------
📲
Келип сабака катышып,
эки дүйнөлүк пайда алыңыздар.
👍
📢
Бул маалыматты
башкаларга жеткириниздер!
🥊
Эрежесиз эр урушка чыкса болобу? Болбойт. Бой без правил болбойт. Бой без правилдин "баатырларын" дагы сүрөттөрүн илип алып, аны менен сыймактанган болбойт. Көргөн дагы болбойт. Болбойт.
🚫
UFC спорттору менен машыкканга шариатта уруксат барбы? дейт. Бокс болбойт бетке урат. Бой без правил дагы болбойт. Кааласаңар каалабасаңар дагы. Болбойт. Чоң молдокелер барып катышса деле болбойт. Түшүнүктүүбү? Бой без правил эрежесиз эр уруш шариатыбызга туура келбейт.
🛡
Бокско катышса, бирок эч бир мелдешке катышпай, ниети өзүн коргоо максатында болсо болобу? Машыгууда бетти катуу муштумдан коргой турган баш кийим, экипировкаларды кийип бокстошсо болобу? Эгерде бокстон башка нерсе менен спорттун түрү менен сиз коргоно албай кала турган болсоңуз, анда бир жөн.
🤼
Бирок андан башка карате, андан башка дзюдо, андан башка көптөгөн спорттун түрлөрү бар. Ошого катышсаңыз жакшы. Анткени боксто негизи башка, бетке уруу артыкчылык берилген түрү болгон себептен аны биз жакшы көрбөйт элек, урматтуу бир тууганым.
📖
Бокс ойносо болобу? рахмат дейт. Албетте, бул боюнча маселени тагыраак айтыш керек болот. Боксту мындай бир ошону кесип кылып алып, ошонун аркасында жүгүрүп жүрө турган болуп, ошону менен нан таап жей турган боксер болуп турган болсо, шариат муну арам деп билет, урматтуу бир туугандар.
⚖️
Ал эми өнөр катары үйрөнүп кошумча бир спорттун бир түрү катар үйрөнүп, өзүн коргонуу үчүн керек болсо, бир убакта адамдын абийирин, ар-намысын, өзүнүн малын сактап калуу үчүн керек болот деген мааниде бир өнөр катар үйрөнсө, анда ага уруксат берилет.
☝️
Бирок ошону кесип кылып алып, ошону менен жашоосун өткөрө турган болсо, анда бул нерсени шариат туура эмес дейт. Себеби анда боксто адамдын жүзүнө уруу маселеси бар, урматтуу бир тууганым. Бокс мына ушундай.
🏛
Ошондуктан жанагыдай Бокс федерациясы жана башкалар иштерин жүргүзө бергени макул. Бирок ошолорго айтышы керек. Бул силерге бир өнөр катарында болсун. Бирок адамдарды жүзгө урган туура эмес.
⚔️
Жүзгө ура турган учур келгенде мамлекеттин эгемендүүлүгү үчүн, мамлекети коргоо үчүн, динди коргоо үчүн, абийириңди, намысын коргоо үчүн гана ошол убакта керек болсо иштетүү үчүн болбосо ден соолуктун кызыкчылыгы үчүн гана үйрөнсө болот деп айтсак туура болот.
✍️
Устаз Шейх Чубак ажы Жалилов
📱
Насаат Медиа
📱
Насаат Медиа
📱
Насаат Медиа