Select your region
and interface language
We’ll show relevant
Telegram channels and features
Region
avatar

ТИЛМЕЧ

tilmech
Subscribers
10 983
24 hours
-4
30 days
-124
Post views
1 151
ER
10,48%
Posts (30d)
32
Characters in post
638
Insights from AI analysis of channel posts
Channel category
Religion and Spirituality
Audience gender
Male
Audience age
35-44
Audience financial status
Middle
Audience professions
Language Teaching
Summary
October 26, 13:42

​​
🔴
КЫЯМАТТА СООПТОРУНАН АЙРЫЛГАН АДАМ
Кыямат күнү адам баласынын эсептешер байлыгы – анын сооптору болот. Ал кезде азыркы күндөгүдөй акча менен эсептешүү болбойт. Кимде-ким бул дүйнөдө адамдарга зыян берип, зулумдук кылган болсо, анда алар ошол зулумдугуна жараша анын соопторунан алат. Эгер ал адамдын сооптору болбосо же түгөнүп калган болсо, анда зыян тарткан адамдардын күнөөлөрүнөн алынып, тигил адамдын мойнуна жүктөлөт. Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Кимде-ким мусулман бир тууганынын абийирине шек келтирип же башка нерсесине зулумдук кылса, анда динар менен дирхам жок болгонго (кыяматка) чейин бүгүн андан кутулсун! Эгерде анын зулумдугу болсо, анда ошол зулумдугуна жараша жакшылык иштеринен алынат. А эгер жакшылыктары болбосо, анда зулум чеккен адамдын күнөөлөрүнөн алынып, ага жүктөлөт».
(Сахих Бухари, 6534)
Кыяматта ар бир сооп көздөн учуп турган кезде бардык соопторунан айрылып, анысы аз келгенсип башкалардын да күнөөлөрүн көтөргөндөр эң чоң жоготууга учурагандар. Бул туурасында Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтат: «Күндөрдүн биринде Аллахтын элчиси ﷺ сахабалардан:
– Силер куру жалак калган адамдын ким экенин билесиңерби?
– деп сураганда, алар:
– Оо, Аллахтын элчиси! Арабызда куру жалак калган адам – акчасыз жана эч нерсеси жок калган адам болсо керек,– дешти.
Ошондо Аллахтын элчиси ﷺ айтты:
– Чындыгында үммөтүмдөн куру-жалак калган адам – ал кыямат күнү намаздары, орозолору, зекеттери жана ажылыгы менен келет. Бирок ал адам баланчаны сөккөн, баланчага жалаа жапкан, баланчанын мал-мүлкүн жеген, баланчанын канын төккөн, баланчаны урган. Мына ошондо (ушул кылганы үчүн) аларга анын соопторунан алынып берилет. Эгерде алардын акыларынан толук кутулганга чейин сооптору түгөнгөн болсо, анда алардын күнөөлөрү анын үстүнө ташталат да, андан соң ал тозокко ыргытылат».
(Сахих Муслим, 2581)
ТИЛМЕЧ |
Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤
https://t.me/tilmech
➤➤
https://t.me/tilmech
💌
Маалыматты башкалар менен да бөлүшүңүз

October 26, 13:42
Media unavailable
1
Show in Telegram

October 24, 14:28

​​
🔴
КҮНӨӨЛӨР ЖҮРӨКТҮН НУРУН ӨЧҮРӨТ
«Күнөөлөрдүн адамдын жүрөгүнө жана денесине эки дүйнөдө тийгизген таасири өтө терс, жаман жана зыяндуу. Аларды бир гана Аллах билет.
Алардын бири – шарият илиминен куру калуу.
Чындыгында шарият илими – Аллахтын адамдын жүрөгүнө салып койгон нуру.
Ал эми күнөөлөр ошол нурду өчүрөт.
Имам Шаафи Имам Маликке бет маңдай олтуруп, анын алдында китеп окуганда, ал анын баамчылдыгынын кеңдигин, зээнинин курчтугун жана түшүнүгүнүн тереңдигин көрүп суктанган. Ошондо Имам Малик ага:
«Байкасам, Аллах сенин жүрөгүңө нур салган экен. Эми аны күнөөлөрдүн караңгылыгы менен өчүрбө» – деп насаат кылган».
(«Ад-Да’у уад-Даваа», 76-бет)
═════════
➤➤
https://t.me/tilmech
➤➤
https://t.me/tilmech
💌
Маалыматты башкалар менен да бөлүшүңүз

October 24, 14:28
Media unavailable
1
Show in Telegram

➤➤
https://t.me/tilmech

October 23, 06:21

🔴
ЖУМА КҮНҮНДӨ ДУБА СӨЗСҮЗ КАБЫЛ БОЛО ТУРГАН УБАКЫТ БАР
Абдуллах ибн Салам, радыяллаху анху, айтат:
«Аллахтын элчиси ﷺ олтурган кезде мен ага: «Чындыгында, биз Аллахтын китебинде (Тооратта): «Жума күнү ушундай бир убакыт бар, кайсы ыйман келтирген пенденин намаз окуп Аллахтан бир нерсе сураганы ошол убакытка туура келсе, анда Аллах анын муктаждыгын берет» – деген (сөз) бар экенин билебиз» – деп айттым. Ошондо Аллахтын элчиси ﷺ мага ал убакыт аз гана убакыт экенби дегендей ишарат кылды. Мен: «Туура айттыңыз, аз гана убакыт. Ал кайсы убакыт?» – деп сурадым. Ал: «Күндүздүн акыркы убакыттары» – деп жооп берди. Мен: «Ал убакыттар – намаз убакыттары эмес го» – деп айтсам:
«Ооба, пенде намаз окуп кийин олтуруп калса, аны намаз гана олтургузган болот жана ал учурда ал намазда тургандай эле болот» – деп айтты».
(Ибн Маажах)
⚠️
Эскертүү:
Көпчүлүк аалымдар жума күнү дуба кабыл болгон убакыт күн батардан (шамдан) алдынкы убакытта болот деп айтышкан. Ошол убакытта кайсы бир мусулман Аллахка дуба кылса, анда дубасы кабыл болот.
═════════
➤➤
https://t.me/tilmech
➤➤
https://t.me/tilmech
💌
Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

October 22, 14:19
Media unavailable
3
Show in Telegram

🎞
БУЛ ЭКӨӨСҮ ТЕҢ БИРДЕЙ АРАМ
▷
@risalatkg

October 22, 14:18
Media unavailable
1
Show in Telegram

➤➤
https://t.me/tilmech

October 21, 13:20

🔴
ТАГДЫРЫҢА ЫРААЗЫ БОЛ!
Чыныгы ыймандуу адам тагдырдын жакшылыгын да, жамандыгын да ыраазылык менен гана кабыл алат. Анткени анын башына түшкөн ар бир нерсе Аллахтын тандоосу менен болду. Аллахтын ал адам үчүн кылган тандоосу адамдын жеке каалоосунан жана тандоосунан жакшыраак. Себеби Аллах биз үчүн эмне жакшы, эмне жаман экенин эң жакшы билүүчү.
⠀
Андыктан ар дайым тагдырыңызга ыраазы болуңуз. Ошондо Аллах сиз ыраазы боло тургандай тагдырды берет.
═════════
➤➤
https://t.me/tilmech
➤➤
https://t.me/tilmech

October 21, 13:20
Media unavailable
1
Show in Telegram

October 21, 13:20
Media unavailable
1
Show in Telegram