Выберите регион
и язык интерфейса
Покажем актуальные для региона
Telegram-каналы и возможности
Регион
avatar

ТИЛМЕЧ

tilmech
Подписчики
11 195
24 часа
-3
30 дней
-131
Просмотры
1 146
ER
10,24%
Посты (30д)
33
Символов в посте
707
Инсайты от анализа ИИ по постам канала
Категория канала
Религия и духовность
Пол аудитории
Мужской
Возраст аудитории
35-44
Финансовый статус аудитории
Средний
Профессии аудитории
Языковое обучение
Краткое описание
September 11, 05:49

❏ СУРОО:
ЖУМА КҮНҮ КАХФ СҮРӨӨСҮН ОКУБАЙ ЭЛЕ, АУДИОСУН УГУП КОЙСО ЖЕТИШТҮҮ БОЛОБУ?
❏ ЖООП:
Хадисте айтылган нур берилет деген сыйлык – жума күнү кахф сүрөөсүн окуган адамга гана убада кылынган. Анткени сахих хадистердин биринде айтылат:
«Кимде-ким жума күнү кахф сүрөөсүн окуса, анда ал эки жума ортосунда ага жаркыраган нур болот».
(Хаким, 2/399; Байхаки)
Маалым болгондой, окуган башка, уккан башка. Шариятта уккан адам окуган адам өкүмүндө деп эсептелбейт. Мына ошол себептен ким хадисте айтылган сооп-сыйлыкка жетем десе, анда ал кахф сүрөөсүн Куран китептен же жатка окуганы туура болот.
Бирок арабча окуй албаса же кечиримдүү себептерден улам окуганга шарты болбосо, анда укса да болот.
Бул абалда хадисте айтылган соопко жетем деген ниетте угуусу зарыл. Окуганды билбейм деп укканды да таштап койгону жакшы эмес.
═══════════════
➤➤
https://t.me/tilmech
➤➤
https://t.me/tilmech

September 11, 05:49
Файлы недоступны
1
Открыть в Telegram

September 09, 14:42
Файлы недоступны
9
Открыть в Telegram

➤➤
https://t.me/tilmech

September 07, 14:05
Файлы недоступны
3
Открыть в Telegram

🎞
УШАКТАН САК БОЛ

t.me/risalatkg

September 07, 14:05

🔴
АЛЛАХТЫН КААРЫН КЕЛТИРГЕН ЭҢ ЖАМАН САПАТ
Ибну Кудама (رحمہ الله تعالــﮯ) айтты:
«Гыйбат (ушак) кылган адам билсин, ал башка адамды ушактоо менен Аллахтын каарына калат жана кылган жакшылык иштеринин сооптору ушактап жаткан адамга берилет. Эгерде анын бере тургандай жакшылык иштери жок болсо, анда тигил адамдын күнөөлөрүнөн алат. Ким мунун маанисин терең түшүнгөн болсо, анда ал тилин гыйбаттан тыят.
Эгерде ал ушактай тургандай абалга туш болуп калса, анда биринчи эле өзүнүн айыптары тууралуу ойлонсун, аларды оңдоо менен алек болсун. Өзүндө айыптары болуп туруп, башканы айыптагандан уялсын. Өзүн айыпсыз деп ойлосо да ушундай кылсын.
Ошондой эле Аллахтын ага берген жакшылыктарына шүгүр кылуу менен алектенсин. Жан дүйнөсүн ушактоо деген эң жаман сыпат менен булгабасын.
Бирөө аны ушактаганын жаман көргөн сыяктуу өзү да башкаларды ушактоону жаман көрсүн».
("Мухтасар минхаж аль-Коосидин", 171-бет)
ТИЛМЕЧ |
Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤
https://t.me/tilmech
➤➤
https://t.me/tilmech

September 07, 14:05
Файлы недоступны
1
Открыть в Telegram

September 06, 15:02

🔴
ТАКЫБАЛЫК — КҮТҮЛБӨГӨНДӨЙ ЫРЫСКЫГА ЖЕТКИРЕТ

Аллах таала айтты:
«Ким Аллахтан корксо, анда Ал аны кыйынчылыктан чыгарат жана ал күтпөгөн жактан ырыскысын берет».
[Талак сүрөөсү, 2,3-аяттар]

Ал эми башка бир аятта айтты:
«Эгерде шаардын жашоочулары ыйман келтирип жана такыбалык кылышса, анда Биз аларга асман менен жердин берекесин ачмакпыз».
[Аараф сүрөөсү, 96-аят]

Аллахтын Элчиси ﷺ:
“Оо, адамдар! Такыбалыкты Аллах менен соодалашсаңар, анда Аллах силерге соодалашпастан ырыскы берет”,
– деп айтып, андан кийин төмөнкү аяттарды окуду:
“Ким Аллахтан корксо, анда Ал аны кыйынчылыктан чыгарат жана ал күтпөгөн жактан ырыскысын берет”.
[Талак сүрөөсү, 2,3-аяттар; “Аль-Кабир”, Табарани]
═══════════════

https://t.me/tilmech

https://t.me/tilmech

September 06, 15:02
Файлы недоступны
1
Открыть в Telegram

September 04, 14:35
Файлы недоступны
3
Открыть в Telegram

🎞
АДАМДАР КҮН САЙЫН КЫЛГАН 6 КҮНӨӨ

t.me/risalatkg

September 04, 14:20

​​
🔴
ГОРОСКОПКО ИШЕНҮҮНҮН КҮНӨӨСҮН БИЛЕСИЗБИ?
Астрология, гороскоп, ырыс-жырымдар жана төлгө ачуу – Исламга чейинки караңгы доорго таандык иштерден. Ислам дини келиши менен бул иштердин баарын тыйып, чоң күнөөлөрдүн катарына кошкон жана булардын баарысы ширк болуп эсептелет. Ал эми бизге белгилүү болгондой, ширк кылуу – Исламдагы эң чоң күнөө. Эми ушул күнөөлөрдүн арасынан адамдардын көпчүлүгү элес албаган бирөөсү бар, ал – жылдыз төлгөнү (гороскопту) окуу жана андагы айтылгандарга ишенүү. Себеби азыркы күндө кайсы газета-журналды ачпайлы, ал жерде аптага, айга жана жылга карата жылдыз төлгө жазылган болот же радиодон таң эрте бүгүнкү күнгө карата жылдыз төлгөңүздү угуп алыңыз деп айткан учурлар да көп кездешет. Ошондой эле кээ бир адамдар баш кошордон алдын, өзүнүн зодиак жылдызына ылайык келген зодиак жылдызындагы адамдарды издешет. Бирок мунун канчалык күнөө экенин көпчүлүк билбейт.
Пайгамбарыбыз ﷺ хадистеринде айтат:
«Кимде-ким көзү ачыкка барып анын айтканына ишенсе, анда кырк күнгө чейин намазы кабыл кылынбайт».
| Муснад Ахмад
«Кимде-ким көзү ачыкка же төлгөчүгө барып, анын айткандарына ишенсе, анда ал Мухаммадга түшкөн нерсеге каапырлык кылды».
| Сахих ат-Таргыиб
 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄
Мына ушул хадистердин негизинде аалымдар айтышкан:
«Зодиак белгилеринин арасынан өзүнүн зодиак белгисине карата жазылган жылдыз төлгөнү (гороскопту) окуган адам көзү ачыкка барып бир нерсе сураган сыяктуу. Мына ушул себептүү анын кырк күндүк намазы жана дубасы кабыл кылынбайт. А эгер ал гороскопто жазылган нерселерге ишене турган болсо, анда ал Мухаммад пайгамбарга ﷺ түшкөн нерсеге каапырлык кылды».
| Шарх Китаб ат-Таухид, 349
Гороскопто айтылганга ишенбестен, жөн гана окуп койгон адамдын күнөөсү эле ушунчалык болсо, анда андагы айтылгандарга ишенген адамдардын күнөөсүн элестетип көрүңүз. Ошон үчүн гороскоп окубаңыз, көрүп калсаңыз жок кылыңыз, окуп жаткандар болсо тыйыңыз, окугуңуз келип жатса да окубаңыз, себеби андай кылуу күнөө. Андай кылган адамдын анын кырк күндүк намазы, дубасы кабыл кылынбайт. Ошондой эле пайгамбарыбызга ﷺ түшкөн Куранга каапырлык кылганга барабар.
ТИЛМЕЧ |
Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤
https://t.me/tilmech
➤➤
https://t.me/tilmech
💌
Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз